Дарыгерлердин атын жамынган алдамчылардан сак болгула!

«Медициналык кызматкерлер азыркы тапта үймө-үй кыдырып, иш алып баргандыктан, алардын атын жамынган алдамчылар пайда болушу мүмкүн деген маалыматтар тараган. Бул учурда, өзгөчө улгайган адамдар жапа чегиши ыктымал. Андыктан тактап кетели, медкызматкерлер кварталдык комиттердин өкүлдөрү менен бирге кыдырышат жана алардын жанында сөзсүз документтери болуш керек. Бир гана документин көрсөткөн учурда, медкызматкер менен сүйлөшүү жүргүзүлөт”, - Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Н.Усенбаев.


Басып чыгаруу