COVID-19 инфекциясы тастыкталган бейтапка гангреноздук аппендицитти алып салуу боюнча операция жасалды

Дүйнө жүзү туш болгон оор кырдаалда да дарыгерлер эч нерсеге карабастан шашылыш жардам көрсөтүүнү улантып келишет. Дарыгерлерден өтө кылдаттыкты жана сөзсүз түрдө жеке коргонуу шаймандарын колдонуу менен иштөөнү талап кылган пандемиянын жарыяланышына карабастан, биздин дарыгерлер коронавирустук инфекциясын жугузуп алган жана вирустун таасири менен башка кошумча илдеттери күчөп кеткен пациенттердин өмүрүн сактап калууну улантышууда.

Алсак, үстүбүздөгү жылдын 3-июнунда Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын хирург дарыгерлери Ташиев Кенеш, Бакиров Сыргак жана анестезиолог Орозбаев Толкун COVID-19 инфекциясы тастыкталган бейтапка гангреноздук аппендицитти алып салуу боюнча операция жасашты. Дарыгерлер бейтаптын абалын оор, бирок туруктуу деп баалашууда.


Басып чыгаруу