Previous Next

Улуттук онкология жана гематология борборунда COVID-19 инфекциясын жуктуруп алган адам менен байланышта болгон бейтапка операция жасалды

Улуттук онкология жана гематология борборунда аневризмалык сөөк кистасы диагнозу коюлган 4 жаштагы бейтапка операция жасалды. Убакытты создуктурууга мүмкүн эмес болчу, кичинекей бейтап майып болуп калышы мүмкүн эле. Ошондуктан дарыгерлер операцияны жеке коргонуу каражаттарын колдонуу менен жүргүзө башташты, анткени бул кичинекей бейтап COVID-19 инфекциясын жуктуруп алган адам менен байланышта болгон жактардын катарына кирет. Оорулууда коронавирустук инфекция тастыкталбаса да, иш-аракеттер алгоритмине ылайык, бардык коопсуздук чараларын сактоо керек.Коргоочу костюм жана көз айнек менен кандайдыр бир манипуляцияларды жүргүзүү өтө кыйын экенин дарыгерлер өз тажрыйбасынан улам айтып келишет.


"Операция бир жарым саатка созулду. Жеке коргонуу каражаттары менен операцияны жүргүзүү кыйынга турду. Эң биринчи кезекте көз айнектердин бууланышы тоскоолдуктарды жаратып жатты. Ал аз келгенсип, коргоочу костюмдар аба өткөрбөйт. Техникалык жактан алганда стандарттык операция жасалды. Кубандырганы, операциялык залда абаны тынымсыз тазалап туруучу ламинардык агым бар эле, кондиционерлер да иштеп турду. Команда ишин так аткаргандыктан, операция ийгиликтүү аяктады деп ойлойм", - деп билдирди хирург Алмазбек Бабалаев.

Операцияны хирург Бабалаев Алмазбек Алтынбаевич, Абдрасулова Сабина Корошевна жана анестезиолог Жумалиева Нурзат Болотбековна жасашты.

 


Басып чыгаруу