Previous Next

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги жана TIKA Кыргыз-түрк достук ооруканасынын убактылуу ачылышы жөнүндө протоколго кол коюшту

2020-жылдын 4-июнунда, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов менен Түркиянын Кызматташтык жана Координация Агенттигинин (ТИКА) координатору Али Муслу мырзанын жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда тараптар Кыргыз-Түрк достук мамлекеттик ооруканасын коронавирустук инфекциясы бар бейтаптарды кабыл алуу жана дарылоо үчүн убактылуу пайдалануу маселелерин талкуулашты жана COVID-19 пандемиясынын шартында оорукананы убактылуу өткөрүп берүү жөнүндө протоколго кол коюшту.

«Биздин максатыбыз - Кыргызстан элине сапаттуу медициналык жардам алууга жардам берүү. Бул оорукана кыргыз элине белек катары эсептелет. Белгилүү болгондой, оорукана керектүү медициналык шаймандар менен толук камсыздалган жана бул коронавирус пандемиясынын шартында кыргыз элине чоң жардам берет деп ойлойм. Силер аны колдоно баштаганыгыңарга кубанычтабыз»,- деди Али Муслу.


«Албетте, биз расмий түрдө оорукананы кабыл алуу жана өткөрүп берүү жөрөлгөлөрүн өткөрүү ниетибиз бар болчу, бирок жугуштуу оорулар ооруканасынын жамааты эки айдан ашык тыныгуусуз иштеп келгендиктен, убактылуу ишке киргизүүгө туура келди. Түрк өкмөтүнө, кесиптешим Фахреттин Кожага жана ТИКАга пандемияга каршы күрөшүүдө Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагын колдогондугу үчүн терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Бул оорукана убактылуу пайдаланууга берилгендиктен, бейтаптарды дарылоодо чоң пайдасы тиет деп эсептейм», - деп билдирди өз сөзүндө саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов.


Басып чыгаруу