Таазим сага, дарыгер!

Пандемия шартында өлкөдөбүздө жайылып жаткан коронавирустук инфекция менен күрөшүүгө тартылган медицина кызматкерлери жумалап, айрымдары бир нече айдан бери үй-бүлөсүн, балдарын көрбөй, биздин коопсуздугубуз үчүн жан үрөп күрөшүүдө.
Дарыгерлердин ордуна өзүңүздү, ал эми алардын балдарынын ордуна балдарыңызды коюп көрдүңүз беле? Бир нече саат көрүшпөй калганда эле кандай сагынышып калабыз ээ, ал эми апасын же атасын 3 айдан бери көрө элек балдардын сагынычын элестетиңиз.
Балдары, жакындары менен өткөрчү убактысын биз үчүн курмандыкка чалып жаткан медицина кызматкерлерине илдетти эртерээк жеңип, балдары менен жолукчу күндү жакындатууга жардам берүү баарыбыздын колубуздан келет. Бул үчүн алардын айткан сунуштарын так аткарып, өзүбүздүн ден соолугубузга кам көрүү жетиштүү.
#covid19 #дарыгерлерге_таазим

Басып чыгаруу