Эл аралык медициналык университетте Москвадан келген профессордун катышуусунда офтальмологиядагы жаңычылдыктар боюнча конференция болуп өттү

Эл аралык медициналык университетте 2019-жылдын 9-ноябрында Россия Федерациясынын Москва шаарындагы “Профессор Столяренконун клиникасынын” Башкы директору, белгилүү витреорениталдык хирург, медициналык илимдердин доктору, профессор Столяренко Георгий Евгеньевичтин катышуусунда  “Офтальмологиядагы жаӊы инновациялык технологиялар” аталышындагы илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Конференцияга Эл аралык медициналык университеттин жетекчилери жана профессордук-окутуучулук курамы, республиканын 40тан ашык белгилүү офтальмологдору жана окуу жайдын студенттери катышышты.

Профессор Ж. Столяренко Кыргызстанга жакынкы жана алыскы чет өлкөлүк көрүнүктүү окумуштуулар жана  профессорлор менен ай сайын өткөрүлүүчү медицина жаатындагы  конок-лекциялардын жана жолугушуулардын алкагында Эл аралык медициналык университетинин чакыруусу боюнча келди.

Доктор Столяренко өз сөзүндө пролиферативдик диабеттик ретинопатияны дарылоо каражаттары жана ыкмалары, көздөгү торчонун катмарлашуусун дарылоо ыкмалары, ошондой эле тракциондук макулярдык синдромдун хирургиясы жөнүндө айтып берди. Көйгөй дарыгерлердин эскирген окуу-материалдары  менен окуп жатышкандыгында. Бул маалыматтар качан эле эскирген. Көз ооруларын дарылоо тармагы абдан тездик менен өнүгүүдө. Биздин хирургия ар 3-5 жылда принципиалдуу түрдө алмашып турат. Муну дарыгерлердин көбү байкай бербейт. Өздөрүнүн өнүгүп-өзгөрүүлөрдөн артта калып жаткандыгын алар : “Бизди башкага үйрөтүшкөн”,- деп түшүндүрүшөт. Дарыгер ар кандай конфецеренцияларга катышып, илимий журналдарга эмгектерин жарыялап,  лекция окуп жана  ар дайым башка кесиптештери менен жолугушууларды өткөрүп туруусу керек. Ал адам медицинанын кайсы бир бөлүгүнө сүнгүп кирип, чыныгы эксперт болуусу абзел экенин белгилеп өттү.

Мындан тышкары, профессор 20га жакын татаал көз оорулары менен жабыркаган бейтаптарды кабыл алып, консультация берди.

2019 11 11 at 13.47.02 1

2019 11 11 at 13.47.02 2


Басып чыгаруу