Диабет мектеби

Бишкек шаарындагы Улуттук госпиталдын эндокринология бөлүмүндө кант диабети менен ооругандар үчүн атайын диабет мектеби  иш алып барат.  

Аталган бөлүмдүн бөлүм башчы Назира Сагындыкованын айтымында,  мектептин иштешинин мааниси чоң жана стационардык бөлүмдө жаткандар үчүн өтө жакшы колдоо.

Ал эми бейтаптарга сабак өткөн  эндокринолог дарыгери Юля Герасимова иш күнүн эки топко бөлүп,  биринчи топ 14:00дөн 15:30га чейин, экинчи топ15:30дан 17:00гө чейин окутат.  Дарыгер кант диабети жөнүндө маалымат берүү менен бирге,   психологиялык жардамдын мааниси, диетаны (тамакты мүнөздөп ичүү) туура кармоо, инсулинди кантип колдонуу керектигин үйрөтөт.  Ю.Герасимова диабет менен жапа чеккендерге тамакты тандап ичүү оңой эместигин  айтып, ар бир углевод, май, буурчак, буудай дандарынын бирдиктерин эске алып тамактанууну билүү керек деп кошумчалады.

Эндокринология бөлүмундө  дарыланып жаткан бейтаптар, диабет мектебинен окуп-үйрөнүү  чоң жардам болгонун айтышууда. Себеби, бейтаптар үй шартында дагы  оорусун көзөмөлдөп, анын күчөшүнө жол бербейт.

dias3

dias 4

dias2


Басып чыгаруу