фото иллюстративное

Өпкөсү сезгенген бейтаптар үчүн кошумча орундар даярдалды

COVID-19 жуктуруп алган бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүү үчүн республика боюнча 2 156 орун (Бишкек шаарында – 767 керебет) даярдалды, анын 193ү интенсивдүү дарылоо бөлмөлөрү. Бүгүнкү күндө ооруканаларда COVID-19 диагнозу тастыкталган 716 бейтап дарыланып жатат.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бүгүнкү күнгө карата өпкөсү сезгенген бейтаптар үчүн кошумча 761 орунду даярдады. Улуттук фтизиатрия борборунун базасында -38 орун, Темир жол ооруканасында – 40, Улуттук хирургия борборунда – 13,  Улуттук госпиталдын базасында - 270, №1 шаардык ооруканасында – 80, Курортология институтунда – 120 жана «Манас» аэропортунун аймагындагы обсервациялык жайда - 200 керебет жайгаштырылды. Булардын баары өпкө оорусу менен ооругандарды кабыл ала баштады. Бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүү үчүн медициналык бригадалар түзүлдү. Бөлүмдөр зарыл болгон медициналык жабдуулар менен жабдылды. 

57 даана кычкылтек концентраторлору сатып алынып, дарылоо мекемелерине бөлүштүрүлүп берилди. 

2020-жылдын март айынан тарта республиканын ооруканаларына келип чыгуу себептери белгисиз өпкөнүн сезгениши менен 1145 бейтап кайрылган, алардын ичинен айыгып чыккандардын саны – 564 бейтап, каза болгондор – 54 адам. Азыркы учурда ооруканада дарыланып жаткандардын саны – 527, анын 87си аймактарда, 440 бейтап Бишкек шаарында.

Бул илдеттен көз жумуулар 2020-жылдын июнь айынын экинчи жарымынан тарта көп каттала баштаган, алардын дээрлик көпчүлүгү борбор калаада. Республиканын аймактардагы ооруканаларында 6 адам көз жумса,  Бишкек шаары боюнча Курортология институтунда – 4 адам, №1 ШКО – 5, ТЖО – 12, УХБ – 2, УФБ – 8 жана УГ -17 бейтап көз жумду.


Басып чыгаруу