Бишкекке Кытайдан 500 кычкылтек концентраторлору сатылып келинди

2020-жылдын 5-июлунда Бишкекке Кытайдан 500 кычкылтек концентраторлору сатылып келинди. Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевдин маалыматына караганда, жаңы аппараттар республикалык бюджеттин эсебинен сатылып алынып Саламаттык сактоо министрлигине берилди.

"Ош областына - 100 концентратор, Чүй облусунда - 50 концентратор, калган 350 кычкылтек концентратору Бишкек шаарында калды. Эгерде аймактарда зарылчылык пайда болсо, сөзсүз ошол жакка да жөнөтүлөт. 29 кычкылтек концентраторлору активисттер тарабынан тапшырылды. Бир бөлүгүн Ошко, дагы бир бөлүгүн, т.а. 17 даанасын "Гансиге" өткөрүп беришти”, - деп маалымдады Мадамин Каратаев.


Басып чыгаруу