Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын жалпы педиатрия бөлүмүнүн башчысы COVID-19 илдетинен көз жумду

2020-жылдын 4-июлунда COVID-19 илдетинен 61 жаш курагында Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын жалпы педиатрия бөлүмүнүн башчысы Садыков Эдил Ахметович каза болду. Ал үч уулдун атасы эле.

Эдил Ахметович 1958-жылы 19-октябрда Ак-Суу районунун Челпек айылында туулган. Мектепти ийгиликтүү аяктагандан кийин 1975-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтуна тапшырып, окуу жайды 1982-жылы аяктаган. Андан кийин 1 жылдык интернатурадан өтүү үчүн Ысык-Көл облустук балдар ооруканасына жиберилген. 1983-жылы ошол эле облустук балдар ооруканасында дарыгер-педиатр кызматына алынган.

1986-жылы облустук балдар ооруканасынын кардиология бөлүмүнүн башчысы, 1992-жылы облустук балдар ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары; 2001-жылы Каракол шаарындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгер-координатору; 2003-жылы ошол эле медицина борборунун инфекциялар боюнча дарыгери болуп эмгектенип, 2007-жылы үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчисинин орун басары болуп дайындалган.

 2010-жылы Милдеттүү медициналык камсыздандынруу фондунун Ысык-Көл аймактык башкармалыгынын дарылоо-профилактика мекемесинин калк менен иштөө бөлүмүнүн жетектөөчү адиси катары эмгектенген.

2011-жылдан ушул күнгө чейин Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын жалпы педиатрия бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштеп жаткан.

Кесибиндеги жетишкен ийгиликтери үчүн 2007-жылы «Саламаттыкты сактоонун отличниги» төш белгиси жана облустук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын ардак грамоталары менен сыйланган.

Эдиль Ахметович кесиптештеринин, студенттердин жана бейтаптардын арасында кадыр баркка ээ адис эле. Ал абдан сезимтал, боорукер, компетенттүү адам эле. Жаш кадрларды даярдоо жаатында үзүрлүү эмгектенип, ординаторлордун насаатчысы болчу.

Саламаттык сактоо министринин жана министрликтин атынан анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.


Басып чыгаруу