Previous Next

Кытай улуттук мунайгаз корпорациясы гуманитардык жардам көрсөттү

Бүгүн, 2020-жылдын 7-июлунда КР Саламаттык сактоо министрлиги "Транс-Кыргыз Газ Пайплайн Компани Лимитед" Кытай улуттук мунайгаз корпорациясынын атынан Кыргыз Республикасынын аймагында COVID-19 пандемисы менен  күрөштү күчөтүү үчүн берилген гуманитардык жардамды кабыл алды.

Гуманитардык жардам катары жалпы суммасы 382 500 Кытай юанын түзгөн 30 000 жуп медициналык колкаптар, 45 000 даана бир жолку медициналык беткаптар жана медициналык коргоочу беткаптар берилди.

КР Саламаттык сактоо министрлигинин атынан "Транс-Кыргыз Газ Пайплайн Компани Лимитед" корпорациясына оор кырдаалда көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдиребиз.


Басып чыгаруу