Previous Next

Катар Мамлекети жана Катар кайрымдуулук уюму 400дөн ашык кычкылтек концентраторун берет

Бүгүн, 2020-жылдын 8-июлунда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде Кыргыз Республикасындагы Катар Мамлекетинин элчилиги жана Кыргыз Республикасындагы Катар кайрымдуулук уюмунун Филиалы менен кызматташуу тууралуу протоколго кол коюшту.

Бул өз ара түшүнүшүү жана өз ара жардам көрсөтүү жөнүндөгү протоколдун максаты достук мамилелерди өнүктүрүү жана саламаттык сактоо,  медициналык илим жаатындагы кызматташтыкты чыңдоо болуп саналат. Тараптар Кыргыз Республикасынын аймагында медициналык жардамды уюштуруу жана саламаттык сактоо уюмдарын медициналык жабдуулар менен камсыздоо үчүн объектилерди куруу жаатында кызматташат.

Иш-чара КР Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы Калысбек Шадыханов жана Кыргыз Республикасындагы Катар Мамлекетинин элчиси Абдулла ас-Сулайти, М. Хасан Овда, Кыргыз Республикасындагы Катар кайрымдуулук уюмунун Филиалынын директору, Катар кайрымдуулук уюмунун филиалынын программаларга жана иш-чаралар  боюнча директору Мохамад Хомам Алсамман ж. б. Катышуусунда өттү.

Кызматташуу жөнүндөгү Протоколдун алкагында Катар кайрымдуулук уюму коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүгө колдоо көрсөтүү максатында жалпы суммасы 250 миң доллар болгон  420 кычкылтек концентраторлорун  берүүнү пландоодо. Бул кычкылтек концентраторлору Кыргыз Республикасына 14 күн аралыгында жеткирилет жана саламаттык сактоо уюмдарына бөлүштүрүлөт.


Басып чыгаруу