Жамила Марипова: карантиндин шартында төрөттөр азайган жок

Бишкек шаардык Перинаталдык борбордун башкы дарыгери Жамиля Марипованын  айтымында, эпидемиянын шартында төрөттөрдүн саны азайган жок, жылына орточо эсеп менен алганда 15 000ге жакын кош бойлуу тейленет.

Аталган борбор Октябрь районунун аймагында жашаган жана жарым-жартылай аймактык №2 Клиникалык төрөт үйү тарабынан  тейленүүчү кош бойлуу жана төрөгөн айымдарга кызмат көрсөтүү боюнча ишин мурдагы  тартипте улантууда. Себеби №2 КТҮ COVID-19 диагнозуна шектелген же бул диагноз тастыкталган кош бойлуу аялдарды тейлөө үчүн атайын адистештирилген мекеме катары уюштурулган.

Перинаталдык борбордо бейтаптарды бөлүштүрүү пункту уюштурулган. Ал жерде борборго келген кош бойлуу айымдарды алгачкы медициналык кароодон өткөрүп, абалына байкоо жүргүзүлөт да, андан  соң төрөт бөлүмдөрүнө жайгаштырылат. Бүгүнкү күндө COVID-19 илдетинин белгилери байкалган 53 боюнда бар бейтап №2 КТҮ багытталган.

Белгилей кетсек, Саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, зарыл болгон учурда COVID-19 илдетин жуктурган кош бойлуу аялдарга ыкчам жардам көрсөтүү үчүн ар бир төрөт үйүндө обсервациялык изолятор бөлмөлөрү даярдалган. Бишкек шаардык Перинаталдык борбордун базасында COVID-19 илдетине шектелген кош бойлууларга тезинен жардам көрсөтүү үчүн 5 койко-орун камдалган. Бүгүнкү күнгө чейин коронавируска шектелген 6 аялга кызмат көрсөтүлгөн, илдет лаборатордук тастыкталгандан кийин алар №2 КТҮ которулушкан.

“Эгер имаратка жаткырылган кош бойлуулардан COVID-19 илдетинин белгилери байкалса, алар үчүн өзүнчө төрөт бөлмөсү уюштурулган. Мында бардык шарттар каралган. Тагыраак айтканда, бейтапка алгачкы медициналык жардам көрсөтүлөт, ошол эле жерде көз жарышат”, - дейт башкы дарыгер Жамила Марипова.

Саламаттык сактоо министрлигинин дарылоо башкармалыгынын башкы адиси Раиса Асылбашеванын маалыматы боюнча, 07.03.2020 – 15.07.2020 ж. чейин №2 Клиникалык төрөт үйүнө 257 кош бойлуу айым кайрылган. Алардын ичинде Бишкек шаарынан - 172, Чүй облусунан – 64, Жалал-Абад облусунан – 5, Баткен облусунан – 4, Ысык-Көл облусунан – 6, Талас облусунан – 3, Ош облусунан – 2, Ош шаарынан – 1 жана Нарын облусунан – 1 кош бойлуу аял кайрылган.

2020-жылдын 21-июлуна карата алынган маалымат боюнча, Бишкек шаарындагы №2 клиникалык төрөт үйүндө COVID-19 илдетине чалдыккан 55 айым дарыланышууда. Алардын ичинен 14 аялдан коронавирус инфекциясы лабораториялык жактан тастыкталса, 41 айым пневмонияга кабылышкан.


Басып чыгаруу