Кезектеги 95 медициналык кызматкер Ысык-Көлгө эс алууга аттанышты

Кыргыз Республикасынын президенти С.Ш.Жээнбековдун медицина тармагынын өкүлдөрү менен жолугушуусунан кийинки иш-чаралардын планына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Ысык-Көл областынын пансионаттарында инфекция очокторунда иштеген, COVID-19 жана пневмония менен ооруп айыккан медициналык кызматкерлердин ден-соолугун калыбына келтирүү жана чыңдоону уюштуруу боюнча иштерди жүргүзүүдө.

Бишкек шаарындагы саламаттык сактоо уюмдарынын кезектеги 95 медициналык кызматкерлеринен турган топ 8-августта Ысык-Көл облусундагы “Дилорам” пансионатына ден соолугун калыбына келтирүү үчүн жөнөтүлдү.

 Бул топтун курамындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун 15 кызматкери, №2 Үй-бүлөлүк медицина борборунун (ҮМБ) 4 кызматкери, №13 Үй-бүлөлүк медицина борборунун (ҮМБ) 8 кызматкери, №1 Үй-бүлөлүк медицина борборунун (ҮМБ) 5 кызматкери, №8 Үй-бүлөлүк медицина борборунун (ҮМБ) 5 кызматкери, Бишкек шаарынын Кургак учукка каршы күрөшүү борборунун 2 кызматкери, Республикалык психикалык ден соолук борборунун 24 кызматкери, Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык борборунун 1 кызматкери, Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын 30 кызматкери жана алдын алуучу медицина Бейөкмөт уюмунун 1 кызматкери 7 күн аралыгында Кыргызстандын бермети саналган Ысык-Көлдө ден соолуктарын калыбына келтирип, эс алып келишмекчи.


Басып чыгаруу