Previous Next

Казакстандагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү 10 даана кычкылтек концентраторун тапшырды

Казакстандагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине 10 даана кычкылтек концентраторлорун тапшырышты. Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Чет өлкөдөгү мекендештер менен мамилелер боюнча кеңештин мүчөсү Жарашбек Аширбековдун айтымында, бул кычкылтек концентраторлору кыргызстандыктарга ушундай оор мезгилде жардам берүү максатында алынган.

Бир тууган Казакстан Республикасында жашаган мекендештерибизге ыраазычылык билдиребиз.


Басып чыгаруу