Previous Next

182 медкызматкер Ысык-Көлгө ден соолугун калыбына келтирүү үчүн жиберилди

Бүгүн, 10-августта, Бишкектеги саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык кызматкерлеринин 182 адамынан турган тобу инфекция очокторунда иштеген медициналык кызматкерлердин ден-соолугун калыбына келтирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында «Алтын Жай» пансионатына реабилитациялык эс алууга жөнөп кетишти.

7 күндүн ичинде №1 Үй-бүлөлүк медицина борборунун (ҮМБ) -2 адам , №2 ҮМБ - 6 адам, №4 ҮМБ - 4 адам, №5 ҮМБ - 6 адам, № 8 ҮМБ - 8 адам, № 9 ҮМБ - 4 адам жана № 13 ҮМБ - 6 адам, Бишкек шаарындагы Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору - 15 адам, Улуттук фтизиология борбору - 26 адам, Республикалык карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялар борбору - 5 адам, №2 клиникалык төрөт үйү - 10 адам, Улуттук госпиталь - 6 адам. , Республикалык соттук-медициналык борбору - 10 адам, Улуттук онкология жана гематология борбору - 2 адам, №6 шаардык клиникалык оорукана - 3 адам, Улуттук хирургиялык борбор - 2 адам, Шаардык балдар тез медициналык жардам клиникалык ооруканасы - 13 адам, Ысык-Көл медициналык мекемелеринин 54 кызматкерлери Ысык-Көлдө  эс алып, ден-соолугун калыбына келтиришет.


Басып чыгаруу