Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын (НОБО) балдар бөлүмү штаттык режимде иштеп жатат, орундар бар

КР Саламаттык сактоо министрлиги социалдык тармактарда Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын балдар бөлүмү толуп, орундар жок деген маалыматты расмий түрдө төгүндөдү.

Оорукананын директору Чыңгыз Нарынбековдун айтымында, балдар бөлүмүндө жалпысынан 12 койко-орун бар. Азыркы тапта, бул бөлүмдө этиологиясы ковид менен байланышпаган пневмония оорусу менен эки бала, 5 бала сасык тумоо оорусу менен жатат. Калган 5 койко-орун бош турат.

Белгилей кетсек, үй-бүлөлүк дарыгерлерге пневмония менен кайрылган балдардын көбөйүшү дагы байкалган эмес.
 
Маалымат үчүн:
КДВО жана сасык тумоону алдын алуу:

♂Туура тамактануу жана физикалык активдүүлүктү сактоо керек.

Эгерде Сиз (же балдар) ооруп калса, үйдө калыңыз, балдарды мектепке, бала бакчага жибербеңиз жана эл көп чогулган жерлерге барбагыла (майрамдык иш-чаралар), анткени инфекцияны жуктуруп алуу жана оору күчөп кетиши мүмкүн.

 Ооруну күчөтүп албаш үчүн жана өз убагында тийиштүү дарылануу үчүн жашаган жериңиздеги Үй-бүлөлүк медициналык борборуна кайрылыңыз.

 КДВОнун симптомдору бар адамдар менен байланышты токтото туруңуз.

 "Жөтөл этикетин" сактаңыз - чүчкүрүп же жөтөлгөндө оозду жана мурунду жабыңыз, колуңуз менен оозду, мурунду жана көздү кармабаңыз.


Дайыма колду самын менен жууп жана курамына спирт кошулган каражаттар менен тазалап туруңуз (өзгөчө колдор менен оозду, мурунду же инфекция бар болгон жерлерди кармай турган болсоңуз).

Бөлмөнү маал-маалы менен желдетип туруңуз.

Эгерде Сиз ооруп жатсаңыз жана үйдө башка үй-бүлө мүчөлөрү бар болсо, вирустун таралышын алдын алуу үчүн медициналык беткап тагынып, ар бир 4 саат сайын алмаштырып туруңуз.

Ооруп жаткан адамды өзүнчө бөлмөгө бөлүү керек, өзүнө гана тийиштүү идиштер, сүлгү, башкача айтканда өздүк колдонуу предметтери болушу шарт, ал жаткан бөлмөнү маалы менен желдетип, нымдуу чүпүрөк менен сүртүп туруу зарыл.

 Үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылуу зарыл (дарыгерди үйгө чакырып же онлайн түрдө алдын ала кезекке жазылу) - дарыгер гана туура дарылоону жазып берет!

Өз алдынча дарыланбаңыз, ал ар кандай кесепеттерге алып келиши ыктымал!

Басып чыгаруу