"Өз кан басымыңды бил" акциясы

Профилактика жана дарылоону убагында колго алуу менен, ар кандай оорунун алдын алууга болот!

Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары! Бүгүнтөн баштап 25-сентябрга чейин "Өз кан басымыңды бил" ден-соолук акциясы өткөрүлүп жатат.

Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ден-соолукту чыңдоо борбору жана Улуттук Кызыл Ай коому менен биргеликте шаар боюнча артериялык кан басымын өлчөө пункттарын уюштурду, анда ар бир адам кан басымын өлчөтүп, дарыгерлерден акысыз кеңеш алышат.

Ден-соолук пункттары бардык үй-бүлөлүк медицина борборлорунда (ҮМБ), төрт райондун акимиаттарында жана МТУда уюштурулган.

Ошондой эле, 26-сентябрда саат 9дан 14кө чейин «АДИНАЙ» атындагы сейил бакта Кыргыз Республикасында кан донорлорунун күнүнө карата кан тапшыруу иш-чарасы өтөт. Шаардыктарга кан басымынын пайда болуу факторлору жөнүндө маалымат берилип, жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алуу боюнча кеңештер берилет.

Толук маалыматты (0312) 31 28 48, 0772 948 928 телефондору аркылуу алууга болот.

Урматтуу жарандар! Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз!

Бишкек - ​​сүйүктүү жана дени сак шаар!

 


Басып чыгаруу