Previous Next

КРнын Саламаттык сактоо министрлиги эки эл аралык уюм менен меморандумга кол койду

Бүгүн, 2020-жылдын 24-январында КРнын Саламаттык сактоо министрлигинде министр Космосбек Чолпонбаевдин “АССАНАБИЛ” эл аралык кайрымдуулук фондунун президенти Абделкарим Али Мохамед Али жана “Дүйнөлүк Жаштар Ассамблеясы” Коомдук бирикмесинин президенти Мади Мохамед Абделлатиф Ахмед менен болгон жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саламаттык сактоо жаатында кызматташуу тууралуу макулдашышты, ошондой эле өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюшту.

Бул өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү Меморандумдун максаты эки тараптуу достук мамилени өнүктүрүү жана саламаттык сактоо менен медицина илими жаатында кызматташууну бекемдөө болуп саналат.

Аталган Меморандумга ылайык Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, «АССАНАБИЛ» ЭКФ жана “Дүйнөлүк Жаштар Ассамблеясы” КБ саламаттык сактоо жана медицина илимдеринин төмөнкү тармактарында кызматташууну кеңейтүүгө жана өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүшөт:

- Кыргыз Республикасынын аймагында медициналык жардамды уюштуруу үчүн объекттердин курулушу;

- саламаттык сактоо уюмдарын медициналык жабдыктар менен жабдуу;

- саламаттыкты сактоо тармагында адистердин квалификациясын жогорулатуу боюнча иш чараларды өткөрүү;

Мындан тышкары тараптар эки тараптуу кызыкчылык туудурган башка багыттарда дагы кызматташууну макулдашышты.

“Саламаттык сактоо жана медицина илиминин маселелерин чечүүдөгү  биргелешкен күч-аракеттер өлкөнүн калкына медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртууда зор мааниге ээ ”,-деп белгиледи жолушуунун аягында КРНын саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев.


Басып чыгаруу