Previous Next

COVID-19: 23 миңден ашуун медицина кызматкери окутулду

Каралды: 117

Үстүбүздөгү жылдын февраль айынан тарта бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстан боюнча жалпысынан 23 427 медицина кызматкери COVID-19 илдетин дарылоо боюнча кайра даярдалып, квалификациясы жогорулатылды. Бул тууралуу С.Б.Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун бөлүм башчысы Гүлжахан Пирназарова билдирди. Анын айтымында бүгүнкү күндө окутуулар улантылууда.

Онлайн форматында өткөрүлүп жаткан сабактардын негизги максаты - CОVID-19 илдетин алдын алуу, бейтаптарга медициналык жардамды туура көрсөтүү боюнча дарыгерлерди даярдоо болуп саналат дешет институттун мугалимдери.

Гүлжахан Пирназарова: “Биз медицина кызматкерлерин CОVID-19 илдетине кабылган бейтаптарды дарылоодо санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди туура сактоого, өзүн инфекциядан коргоого үйрөтүп жатабыз. Онлайн окутууларга ордо калаадагы жана башка аймактардагы медициналык уюмдарда иштеген дарыгерлер, мээрмандар, ыктыярчылар активдүү катышып жатышат. Жалпысынан 15 921 медицина кызматкери онлайн түрүндө аралыктан окутулса, 7 506 адиске жеринде сабак берилди”, - дейт бөлүм башчы.

Семинарлар күн сайын теория жана практика жүзүндө 3 сааттан өтүп жатканын Гүлжахан Пирназарова кошумчалады.

Басып чыгаруу