Previous Next

Баткен облусундагы жугуштуу оорулар ооруканасынын имараты пайдаланууга берилүү алдында турат

Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгелер борборунун эски имаратын 90 орундуу ооруканага ыңгайлаштыруу максатында жасалган оңдоп-түзөө жумуштары учурда толугу менен аяктады. Оорукананын жылытуу системасы, канализация жана суу линиялары жаңыланып, оорукана керебеттер, төшөнчүлөр менен камсыздалып, керектүү медициналык жабдуулардын алгачкы тобу келип түштү.

Оорукананын жандандыруу бөлүмү 9 бейтапка ыңгайлашкан. Ар бир бөлмө кычкылтек концентратору менен камсыздалууда. Ошондой эле жакынкы күндөрү борборлоштурулган кычкылтек концентраторунун орнотулушу күтүлүүдө.

Учурда оорукананын штаттык бирдиктери каралып жатат. 78 медициналык кызматкердин иштөөсү белгиленген. Бүгүнкү күнгө чейин Баткен районунун жана Баткен шаарынын 120 миңге жакын калкына, облустук оорукананын 45 орундуу жугуштуу оорулар бөлүмү кызмат көрсөтүп келген.


Басып чыгаруу