Previous Next

2020-жылдын июль айында башталган Токмок шаарындагы оорукананын капиталдык оңдоп түзөө иштери 98% аяктады

Каралды: 135
Мамкурулуштун берген маалыматына ылайык, объекттин долбоордук кубаттуулугу 216 орунга эсептелген. Сметалык наркы – 63 млн 682 миң 9 сом, бардыгы болуп 45 млн 700 миң сом каржыланды.
Имараттын жана откананын эски чатыры менен электр тутумдары алмаштырып, ички жана сырткы жасалгалоо иштери аяктоодо. Жаңы эшик, терезелер менен ички тосмолор орнотулуп, желдетүү, жылытуу системалары жана өрт өчүрүүчү сигнализациясы жаңыртылган. Андан сырткары ички жана сырткы суу түтүктөрү менен канализациясы жасалып, саркынды сууларды чогултуучу жай жана сантехникалык жабдуулар орнотулган. Имараттын кире бериши бүткөрүлүүдө.
Оорукананын оңдоо иштерин сентябрдын аягына чейин бүткөрүү пландаштырылган.
Басып чыгаруу