Previous Next

Ордо калаада Эл аралык карылар күнү белгиленди

Бүгүн, 2020-жылы 1-октябрда “Ден соолук” сейил багында Эл аралык карылар күнүнө карата майрамдык иш-чара болуп өттү. Шаңдуу ыр, бий менен коштолгон салтанатка аймактардан улуу муундагы сыйлуу коноктор чакырылган. Аларды КР Саламаттык сактоо, КР Социалдык өнүктүрүү министрликтеринин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү тосуп алышты. Алар улуу муундагы калктын катмарын активдүү жашоо образын алып барууга чакырышты жана салтанаттуу иш-чаранын катышуучуларына мактоо баракчалары жана сертификаттар тапшырылды.

Карылар күнү - улгайган адамдардын көйгөйүнө дүйнө коомчулугунун көңүлүн буруу, урматтоо, аларга сылык мамиле жасап, колдоо көрсөтүү жаатында эскертүү максатында белгиленип келет.

Майрам БУУнун демилгеси менен 1990-жылы декабрда негизделген. 2020-жылы дүйнө жүзү Карылар күнүнүн белгилегенине 30 жыл толот. Бул күндүн негизги максаты - дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн улгайган адамдар туш болгон көйгөйлөргө жана кыйынчылыктарга буруу. Бул дата - биз үчүн көп нерсе жасаган муун муктаж болгон сүйүүбүздү, камкордугубузду, колдообузду жана сый-урматыбызды билдирүүнүн дагы бир себеби.


Басып чыгаруу