Previous Next

КММАнын ассистенти К.Карбозова республикалык сыйлыктын лауреаты болду

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын А.М.Мурзалиев атындагы неврология жана клиникалык генетика кафедрасынын ассистенти  кундуз Карбозова “Жылдын үмүтү” номинациясы боюнча   National Medicine Awards (“Улуттук медициналык сыйлыктар”) сыйлыгынын лауреаты болду. Жакында эле бул сыйлык ишине берилгендиги, көп жылдык эмгеги жана саламаттык сактоо тармагына кошкон салымы менен айырмаланган дарыгерлерге алгачкы жолу тапшырылган. Сыйлоо аземи борбор калаада өттү.

Белгилей кетсек, Кундуз Карбозова  аталган кафедрада 2014-жылдан бери эмгектенет жана баш оору боюнча бөлмөдө бейтаптарга квалификациялуу жардам көрсөтүп келет. Мындан тышкары ал окуу жайдын аспиранты жана шакыйды дарылоо боюнча илимий иш алып барат.


Басып чыгаруу