Лабораториялар жана ПЦР тесттер

«Эпидпроцесстин өсүшүндө даярдалган 13 лаборатория ишин улантууда. Бул убакыт ичинде 383 008 изилдөө жүргүзүлгөн, анын ичинен 16072 акыркы жумада жана 1016 акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн. Тастыкталган учурлар 14,5%ды түздү, күзгө чейин бул көрсөткүч 5%ды түзгөн. Башкача айтканда, тастыкталган учурлардын пайызы – жогору. Байланышта болгон бардык жарандардан анализ алуу керектелет», - саламаттык сактоо министринин орун басары Н.Усенбаев.

ССМинин өкүлүнүн маалыматына караганда, ПЦР – тесттер жана керектүү каражаттар жетиштүү санда, аларды сатып алуу иштери уланууда. Бүгүнкү күндө, республикага төрт лаборатордук комплект алынып келинди, алар региондорго таратылып, колдонула баштады. Мындан ары дагы лаборатордук жабдыктарды жаңылоо үчүн 10 комплектти сатып алууга тендер жүргүзүлдү.


Басып чыгаруу