Кыргызстандагы вирустун кайрадан жуккан учурлары – 90 күнгө чейин сакталган вирустар болушу мүмкүн

“Бишкек шаарында оорудан айыгып чыккандардын арасынан, коронавирустун белгилери экинчи жолу байкалган 7 учуру катталган. Биз азырынча 90 күнгө чейин сакталуучу вирустун кайрадан чыгуусу жөнүндө айта алабыз. Бул көрүнүштөр организмде бөлүнүп чыккан антителолор болгондо мүмкүн. Ошондой эле, бул жетишсиз реабилитациялоонун кесепеттери болушу мүмкүн, алар так лабораториялык изилдөөдөн өтүшү керек ", - деп билдирди Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Н.Усенбаев.

«Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун адистери, коронавирустун жаңы толкунунун бир себеби – санитардык талаптардын, беткап режиминин жана социалдык аралыктын сакталбагандыгы деп эсептешет. Ошондой эле, 80% адамга вирустун жугуу булагы болуп, вирус жуктургандардын 10 – 20%ы эсептелет. Андыктан, ооруган адам дагы, дени сак адам дагы беткап режимин, социалдык аралыкты сактоосу жана башка санитардык талаптарды аткаруусу зарыл. Жарандар беткапты жабык имараттарда жана таза абада тагынып жүрүүгө милдеттүү”, - саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев.
 
 

Басып чыгаруу