Медкызматкерлерге берилген компенсациялык төлөмдөр

“Компенсациялык төлөмдөр боюнча иш алып барган комиссиянын кароосуна 1901 документ келип түшкөн, анын ичинен 171 медкызматкерге компенсация төлөнүп берилди: 200 миң сом өлчөмүндөгү каражат илдетке чалдыккан 147 кызматкерге жана 1 млн сомдон акча каражаты оорудан каза болгон 24 кызматкердин үй-бүлөсүнө төлөндү. Андан сырткары, 19-октябрда комиссиянын жыйыны болуп, анда дагы 133 медкызматкерге компенсация төлөнүп берилиши каралды. Алардын ичинен, ооругандар – 130 болсо, каза болгондор – 3 кызматкер”, - деп билдирди саламаттык сактоо министринин орун басары Н.Усенбаев.


Басып чыгаруу