КР Саламаттык сактоо министрлиги: Ыктыярчылар “ордо калаадагы медициналык уюмдарда орун жок”, - деген маалымат чындыкка жатпайт!

Бүгүн, 2020-жылы 21-октябрь саат 8:00 алынган маалымат боюнча ордо калаадагы медициналык уюмдарда жалпысынан 413 бош орун болгон. Тактап айтканда:

-        Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасында - 8 орун,

-        Улуттук хирургия борборунда - 6 орун,

-        Улуттук госпиталда - 24 орун,

-        Улуттук фтизиатрия борборунда - 13 орун,

-        Улуттук кардиология жана терапия борборунда - 33 орун,

-        №1 шаардык клиникалык ооруканада - 11 орун,

-        Республикалык жугуштуу оорулар бейтапканасында - 278 орун,

-        Улуттук эне жана баланы коргоо борборунда - 21 орун,

-        Улуттук онкология жана гематология борборунда -  4 орун,

-        №2 клиникалык төрөт үйүндө - 15 орун.

Мындан сырткары, 20-октябрда “54 жаштагы бейтапты медициналык уюмдарга араң жаткырдык”, - деген ыктыярчылар Ыкчам медицина борборуна кайрылышкан эмес. Бул боюнча аталган уюмдун жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов билдирди. Анын айтымында, ыктыярчылар убакытты текке кетирип, видео тасма тарткыча, 103 номерине чалышканда бейтап батыраак ооруканага жаткырылмак.

 


Басып чыгаруу