Previous Next

Кара-Буура районунда жугуштуу оорулар бөлүмүнүн заманбап имараты курулууда

Талас облусунун Кара-Буура районунун аймактык ооруканасында заман талабына жооп берген жугуштуу оорулар бөлүмүнүн жоктугуна байланыштуу, каралбай калган эски имараттын ордуна заманбап жугуштуу оорулар бөлүмүнүн жаңы имаратын куруу иштери жүрүүдө. Учурда бөлүмдү куруу иштери 90% га бүткөрүлгөнүн оорукананын жетекчиси Улан Бийгелдиев билдирди.

“Дүйнө жүзүн каптап жаткан коронавирус илдети менен күрөшүүдө Кара-Буура районунда талаптагыдай жугуштуу оорулар бөлүмү жок болгонуна байланыштуу Кара-Буура жаштар уюмунун жана демөөрчүлөрдүн колдоосу менен кароосуз калган имаратты жугуштуу оорулар бөлүмүнө ылайыктап курууну баштаганбыз. Азыркы тапта куруу иштери аяктап, ички жасалгалоо, керектүү жабдыктарды орнотуу иштери калды. Алтын Альянс компаниясы жалпы наркы 1 млн сомду түзгөн медициналык эмеректер менен камсыз кылды. Жаштар өнүктүрүү институтунун жардамы менен 200 миң сомдун тегерегиндеги суммага кычкылтек станциясы орнотулду. Мындан тышкары, кычкылтек концентраторлору, дары-дармек, жеке коргонуу каражаттары жетиштүү көлөмдө даярдалган. Башка бардык аймактар сыяктуу эле, кадр муктаждыгы бар. Учурдан пайдаланып, оорукананын курулушуна салымын кошуп колдоо көрсөткөн бардык мекендештериме ыраазылык билдирем жана бардык кыргызстандыктарды илдеттин алдын алуу чараларын сактап, өзүнө жана жакындарына кам көрүүгө чакырам”, - деди Улан Бийгелдиев.


Басып чыгаруу