Previous Next

Вирустун жайылып кетишине жол бербөө үчүн чек арада кандай чаралар көрүлүүдө

Бүгүн, 25-январда КРнын саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев “Манас” аэропортундагы санитардык-карантиндик пункттун ишин текшерди.  “Манас” аэропортунун СКП кызматкерлери тепловизор жабдыгынын жардамы менен келген жүргүнчүлөрдү тыкыр текшерүүдөн өткөрүшүп, алардын ден соолугу тууралуу сурамжылоо жүргүзүшүүдө.

Министр санитардык көзөмөл жүргүзүүгө, Саламаттык сактоо министрлигинин штабы менен ыкчам чара көрүү боюнча үзгүлтүксүз байланышта болуп турууга көрсөтмө берди. “Биздин милдет – инфекциянын Кыргызстанга келишине жол бербөө, өзгөчө кыраакы болуу керек” , - деп белгиледи Космосбек Чолпонбаев.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын январь айынын башынан бери мамлекеттик чек аранын бардык өткөрүү пункттарында термометрия жүргүзүлүүдө, инфекциялык оорулардын белгилери бар адамдар азырынча табыла элек.

Кыргызстандын Кытай, Тажикистан жана Өзбекстан менен болгон чек араларында  11 санитардык-карантиндик пункт (СКП) иштеп жатат, күнү-түнү көзөмөл жүргүзүүчү адистер тепловизор жабдыгы менен термометрия жүргүзүшүүдө.

Мындан тышкары, ЕАЕБке кирүү менен ички чек аралардагы СКП жоюлуп кеткенине байланыштуу,  ички чек араларда (Кыргызстан-Казахстан) дагы СКП уюштуруу чечилүүдө.  Келерки аптадан баштап “Акжол”, “мост Дунларова”, “Актилек”, “Чалдовар” көзөмөл-өткөрмө пункттарында убактылуу санитардык-карантиндик посттор иштей баштайт.


Басып чыгаруу