Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын жаңы корпусу жакынкы күндөрү колдонууга берилет

📌КР Өкмөтүнүн Буйругуна ылайык, коронавирустук инфекциянын экинчи толкунуна даярдануу максатында, жалпы аянты 2310 чарчы метрди түзүп, 100 орунга ылайыкташтырылган оорукананын жаңы корпусу курулду.

🔵 Жаңы имараттын курулушу 2020-жылдын 23-июлунда башталган, ушул тапта курулуш иштери аяктап, жакынкы күндөрү бейтаптарды кабыл ала баштайт.

Имарат Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын аймагында жайгашкан жана изоляцияланган бокстордон, реанимациядан турат.

Клиника инфекциялык ооруканага коюлган бардык талаптарга ылайык курулган. Бул инфекциялык оорулуулар менен иштөө үчүн иштелип чыккан, аба жана саркынды сууларды толугу менен зыянсыздандырган жана индивидуалдуу аба соргучу (вытяжка) бар мельцер бокстары.

🔵 Ооруканага 180ге жакын медициналык жабдыктар, эмеректер (3- жана 4 секциялуу керебеттер), ошондой эле тиричилик жана компьютердик техникалар сатылып алынды. Бир мобилдик рентген аппараты, 10 өпкөнү жасалма желдетүүчү аппараты (ИВЛ), 20 жогорку агымдуу кычкылтек менен камсыз кылуучу аппарат (БИПАП), 62 кычкылтек менен каныктыруу аппараты орнотулду. 3 дефибриллятор, инфузиялык терапия үчүн 38ден ашык аппарат, 26дан ашык бейтаптарды индивидуалдуу түрдө көзөмөлдөө аппараты жана 1 көчмө УЗИ аппараты менен жабдылды.

🔵Жандыруу блогу залдан, обочолонгон интенсивдүү терапия бокстарынан жана оор абалда жаткан бейтаптар үчүн күнү-түнү реанимациялык чараларды камсыз кылган реанимациялык палаталардан турат. Реанимация бөлүмүнүн сыйымдуулугу 30 керебет. Дарылоочу жана реанимациялык бокстар заманбап жабдуулар жана жашоону кубаттап туруучу жабдыктар менен жабдылган, атап айтканда, кычкылтек менен камсыздоо тутуму, ИВЛ аппараттары, дефибрилляторлор, инфузиялык терапия аппараттары жана бейтаптын абалынын көрсөткүчтөрүн дайыма көзөмөлдөө үчүн шаймандар. Бардык палаталарды борбордук кычкылтек менен камсыз кылуу уюштурулган.


Басып чыгаруу