Компьютердик томография жана рентген аппараты тууралуу

“Компьютердик томографтардын кызмат көрсөтүүдөгү баасын арзандатуу боюнча суроолор көтөрүлдү. Бул маселени чечүү кыйын. Аппараттын өзү абдан кымбат жана жеке ишкерлер тарабынан алынып келинген. Тагыраагы, 1 аппараттын баасы болжол менен 1,5 млн сом, аны транспортировкалоо иши андан да кыйын. Дүйнөдөгү бул аппаратка муктаждык чоң болуп жаткандыгына байланыштуу заводдордо чыгаруу ишинде да тартыштык салмактуу болууда”, - деп билдирди вице-премьер-министр Э.Сурабалдиева.

Анын айтымында, Өкмөттүн учурда 7 облуска бирден компьютердик томограф алуу боюнча планы бар. Донорлор табылган, сатып алуу иштери боюнча процесстер жүрүп жатат.

Ал эми рентген аппараттары боюнча, өлкөдө 168 рентген аппараты иштейт. Пандемия маалында 73 аппаратка муктаждык аныкталып, анын ичинен жалпысынан 62 рентген аппарат сатып алуу боюнча булактары табылган жана мунун ичинен 22си келди. Декабрь айында 40 аппарат келет. ERIK долбоору аркылуу 68 миң долларга 7 рентген аппарат сатылып алынды. Аппараттардын баары аймактарга бөлүнүп берилген.


Басып чыгаруу