Previous Next

Алай районунда 60 орундуу жугуштуу оорукана ачылды

Алай районунда 60 орундуу жугуштуу оорукана ачылып, колдонууга берилди.
Аталган имарат 1996-жылы курулуп, мектеп катары колдонууга берилген. Пандемия маалында зарылчылыктан улам кайрадан оорукана катары иштетүү боюнча буйрук чыгарылып, оңдоп - түзөө , жабдуу жумуштары толук бойдон жергиликтүү бюджеттен, райондук өнүктүрүү фондунан жана жеке демилгелер менен ишке ашырылды.

Учурда толук бүткөрүлүп, тиешелүү жабдуулар менен жабдылып, портативдуу рентген аппараты орнотулган оорукана, коронавирус илдетин жугузуп алгандарды кабыл алат.


Басып чыгаруу