Previous Next

Кыргызстан менен БАЭнин саламаттыкты сактоо министрлери саламаттыкты сактоо жаатында кызматташуу маселелерин талкуулашты

Бүгүн, 2020-жылдын 30-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин Бириккен Араб Эмираттарынын Саламаттык сактоо министри Абдул Рахман бин Мухаммад Аль Овайс мырза менен онлайн режиминде жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуу Кыргызстандын БАЭдеги элчилигинин активдүү жардамы менен өттү.

Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн саламаттыкты сактоо жаатында кызматташуу, коронавирус инфекциясы менен ооругандарды дарылоодо тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Ошондой эле, COVID-19га каршы күрөшүүдө Кыргыз Республикасына гуманитардык жардам көрсөтүү багытында колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгү да каралды.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр кесиптешин жыл сайын 2-декабрда белгиленүүчү Бириккен Араб Эмираттарынын түзүлгөнүнүн 49 жылдыгы менен куттуктады. Ошондой эле ал БАЭ Өкмөтүнө буга чейин жеке коргонуу каражаттары жана санитайзерлер түрүндө көрсөткөн гуманитардык жардам үчүн ыраазычылыгын билдирди. "Алынган жардам Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин COVID-19 менен күрөшүүгө багытталган аракеттерине оң таасирин тийгизди", - деди Алымкадыр Бейшеналиев.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар тажрыйба алмашуу жана БАЭнин коронавирус менен ооругандарды дарылоодогу натыйжалуу ыкмаларын үйрөнүп, тажрыйба алмашуу үчүн онлайн-конференция аркылуу кызматташтыкты жөнгө салууга макулдашышты.


Басып чыгаруу