фото из интернета

КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун  биргелешкен жаңы изилдөөсү: Кыргызстандын калкынын 55%  вакцина алууга чындап даяр экендигин же кандайдыр-бир каалоосу бар экендигин билдиришти 

     Кыргызстанда COVID-19 илдетинин шартында адамдардын жүрүм-турумуна талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыктары жана сунуштар

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) менен биргеликте Кыргызстандын калкынын COVID-19 илдетин түшүнүүсүн жана тажрыйбасын баалоого арналган жаңы изилдөө жүргүздү. Аталган изилдөө ДСУ менен USAIDдин техникалык жана каржылык колдоосу менен, 2020-жылдын декабрь айынан 2021-жылдын февраль айына чейин үч толкун менен жүргүзүлдү.  

Анын жыйынтыктары COVID-19 илдетине карата көрүлгөн чаралар  тууралуу маалымат берүү үчүн арналган жана саламаттык сактоо жаатында саясат жүргүзүү, билдирүүлөрдү иштеп чыгуу жана маалыматтык кампаниялар үчүн бекем негиз боло алат.

Баалоо жүргүзүү COVID-19 илдети менен байланышкан жооптуу чараларды адекваттуу жана таасирдүү кылуу үчүн, калктын маалымдуулугуна, оору коркунучун түшүнүүсүнө, жүрүм-турум моделдерине жана ишеним деңгээлине тез, ийкемдүү жана экономикалык жактан натыйжалуу мониторинг жүргүзүү ыкмасы болуп эсептелет.

Маалыматтар компьютердик телефондук интервью (computer-assisted telephone interviewing, CATI) аркылуу чогултулду, анын жүрүшүндө Кыргызстандын бардык жети облусунан жана эки негизги шаары – Бишкек жана Оштон маалымат топтоонун ар бир этабында 1000 адамга сурамжылоо жүргүзүлдү. Маалыматтарды топтоо Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жетекчилиги менен ишке ашырылды жана бул долбоордун алкагында топтолгон бардык маалыматтар ушул министрликке тиешелүү. 

«Жүргүзүлгөн изилдөө өтө маанилүү, анткени ал бизге адамдардын  вакцина алууга болгон даярдыгын түшүнүүгө жардам берет. Бүгүнкү күндө эмдөө жүргүзүү пандемияны көзөмөлдөөнү камсыз кылуучу, жаңы учурлардын жана өлүмдүн санын төмөндөтө турган негизги коргоочу чаралардын бири экендигин түшүнүшүбүз керек»,- деп белгиледи өз сөзүндө ДCУнун Кыргызстандагы өкүлү Назира Артыкова.

«Вирустун жугуу деңгээлин төмөндөтүү боюнча иш-чаралардын маанилүү элементтеринин бири - калктын жүрүм-туруму болуп саналат. Эпидемияга каршы натыйжалуу күрөшүү үчүн жүрүм-турумду, жашоо образын жана адаттарды өзгөртүү керек. Мындай жүрүм-турум изилдөөлөрү COVID-19 менен күрөшүү үчүн натыйжалуу чараларды түзүүгө жардам берет, ошондой эле адамдардын жүрүм турумуна таасир этүүчү негизги багыттарды жана маалыматты таратуудагы актуалдуу каналдарды аныктоого жардам берет. Изилдөөнүн натыйжалары эмдөө стратегиясынын өзгөрүүсүнө алып келет», - дейт Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Бакыт Джангазиев.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги төмөндө көрсөтүлгөн жыйынтыктарды пайдалануу менен, сунушталган иш-аракеттерге көңүл буруу ыкмаларын карайт:

ВАКЦИНАЦИЯ

  • Вакцинанын натыйжалуулугуна болгон ишенимди жана улуттук эмдөө календарын колдоо көрсөткүчтөрүн төмөндөтүүчү, вакцинаны алууга карата чечкинсиздиктин бир кыйла жогорку деңгээли тынчсызданууну жаратат. Маалымат топтоонун мурдагы этаптарына караганда вакцинаны алууга болгон чечкинсиздиктин деңгээли жогору: Кыргызстандын калкынын 55% вакцина алууга чындап даяр экендигин же кандайдыр-бир деңгээлде вакцина алууга каалоосу бар экендигин билдиришти.

Сунушталган иш-аракеттер: жеткиликтүү болгон вакциналар тууралуу адамдардын жетиштүү маалыматка ээ болушу камсыздоо; вакцина алган адамдардын көбөйүшүнө жараша, коом түздөн түз вакцина алгандардын өз оозунан угушу үчүн, алардын баяны менен кеңири бөлүшүү; медициналык кызматкерлер өзүлөрү эмдөөдөн өтүшү жана эмдөөгө үгүттөөсү үчүн, аларга   материалдык сый акы берүүгө өзгөчө көңүл буруунун зарылдыгы тууралуу маселени карап чыгуу.

БИЛИМИ ЖАНА ТҮШҮНҮҮСҮ

  • Сурамжылоого алынгандардын жарымынан көбү вакцина тууралуу жакшы маалыматыбыз бар деп эсептешет (52%) жана вакцина боюнча сунуштарды түшүнүү менен кабыл алышат (54%). Маалымат каражаттарында COVID-19 илдети сыяктуу эле, вакцина тууралуу маалыматтардын тактыгын баалоо өтө татаал маселе болуп калды (40%).
  • Изилдөө жүргүзүүнүн биринчи жана экинчи этабына салыштырганда ден соолук маселелеринде адамдардын сабаттуулугунун деңгээли бир кыйла төмөн экендигин белгилөөгө болот. COVID-19 илдетине шектенүү жаралганда эмне кылуу керек экендиги боюнча Кыргызстандын калкынын маалымдуулук деңгээли 69% дан 63%га чейин, ал эми зарыл болгон маалыматты таба ала тургандардын үлүшү 64% дан 59%га чейин кыскарды.

Сунушталган иш-аракеттер: калктын максаттуу топторуна түшүнүктүү болуусун камсыз кылуу үчүн, билдирүүлөргө жана маалыматтык материалдарга сереп салуу, зарылдыгына жараша маалыматтарды кайра карап чыгуу жана жайылтуу; максаттуу аудиториялар менен билдирүүлөргө тестирлөө жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу; социалдык тармактар аркылуу маалыматтар менен бөлүшүүнү колдоо үчүн коомдун лидерлери менен өз ара аракеттенишүү (инсандар аралык жана социалдык тармактар аркылуу). 

ООРУ КОРКУНУЧУН ТҮШҮНҮҮ ЖАНА  КОРГООНУУЧУ ЖҮРҮМ-ТУРУМ МОДЕЛИ

  • Оору коркунучун түшүнүү деңгээлинде олуттуу өзгөрүүлөр байкалган жок, жана респонденттердин дээрлик жарымынан көбү ооруну жуктуруп алуусуна жана/ же оорунун оор формада өтүшүнө анча ишене беришпейт. Оору коркунучун түшүнүү деңгээли маалыматтарды топтоо учурунан тартып жалпысынан өзгөрүүсүз калды. Жуктуруп алуу мүмкүндүгү төмөн деп эсептеген адамдардын арасында бир аз жогорулоо байкалган (42% дан 45%га чейин).
  • Адамдардын жүрүм-турумунда коргонуучу каражаттарды колдонуу жалпысынан биз каалаган деңгээлден төмөн бойдон калууда, мунун өзү COVID-19 илдетинин кайрадан жайылуу коркунучунун негизги фактору катары кызмат кылат. Ошого карабастан беткапты колдонууга (79% дан 75%га чейин) жана аралыкты сактоого (64% дан 60%га чейин) карата пайыздык деңгээлдин бир аз төмөндөөсү катталды. Ооруп калган учурда көпчүлүк респонденттер мурдагыдай эле үйдө отурушпайт жана коомдук иш-чараларга катышуудан баш тартпай келишет (49% дан 36%га чейин).
  • Респонденттердин 18%га жакыны COVID-19 илдетин дарылоо жана алдын алуу үчүн антибиотиктерди колдонгондугун билдиришти (1/2-этаптардагыдай эле)

Сунушталган иш-аракеттер:  Тийиштүү каналдарды, тилди жана визуалдык каражаттарды колдонуп, эмдөөдөн кийин, ошондой эле өлкөдөгү COVID-19 илдетинин шартында коргонуучу жүрүм-турумдун маанилүүлүгүн баса белгилегиле.


Басып чыгаруу