Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри А.Бейшеналиев Индиянын "Medanta-the Medicity" ооруканасынын өкүлү менен жолукту

Бүгүн, 2021-жылдын 6-апрелинде Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри А.Бейшеналиев Индиянын “Medanta-the Medicity” ооруканасынын өкүлү доктор Вани Акберди кабыл алды.

Индия дарыгеринин Бишкекте жолугушуусу жана иш сапары Кыргыз Республикасынын Индиядагы Элчилигинин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Президентинин “Саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүү жана калктын жашоо сапатын жана ден-соолугун жакшыртуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгынын алкагында болуп өттү.

Индиядагы ооруканаларда кымбат баалуу дарылануудан жана консультациядан өтүп жаткан кыргызстандык пациенттердин көптүгүн, ошондой эле кыргызстандыктардын чет элдик клиникаларда дарылануу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугун эске алып, Кыргызстандын Индиядагы элчилигинин өтүнүчү боюнча Индия тарап Индиянын клиникасы менен Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин ортосундагы мамлекеттик жеке өнөктөштүктүн негизинде кызматташуу, айрыкча, Кыргызстандагы клиникалардын биринин базасында Индиядан квалификациялуу дарыгерлерди тартуу менен кыргыз жарандарына сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү вариантын сунуш кылды.

Бул кызматташтык ошондой эле медициналык кызматтардын бааларын төмөндөтүүнү оптималдаштырууну жана кыргыз жарандарын Индиялык дарыгерлер тарабынан консультация жасоодо телемедицинаны колдонуу, Индиянын ооруканаларында кыргыз дарыгерлеринин квалификациясын жогорулатуу, органдарды трансплантациялоо, кардиология жаатында тажрыйба алмашуу ж.б. камтыйт.

Министр А.Бейшеналиев Индияда дарыланып жаткан кыргызстандык бейтаптарга өз убагында жардам көрсөтүү зарылдыгын белгилеп, индиялык дарыгердин сунушун карап чыгууну жана долбоорду ишке ашырууну тездетүү максатында тиешелүү структураларга тапшырма берди.


Басып чыгаруу