Шаардык перинаталдык борбордо 3 эм жарыкка келди

Бишкек шаарындагы Перинаталдык борбордо 2021-жылдын 11-мартында 3 эм төрөлгөн, эркек балдар. Биринчи ымыркай 1,360 кг, экинчи ымыркай 1,280 кг, үчүнчүсү 1.0 кг салмакта төрөлгөн.
27 жаштагы ымыркайлардын апасы балдарды табигый жол менен төрөдү. Ымыркайлар дээрлик бир ай бою Перинаталдык борбордо болушуп, симптоматикалык дарылануудан өтүштү. Бүгүнкү күндө ымыркайлардын абалы канааттандырарлык, 9-апрелде үйлөрүнө чыгарууга даярдалууда.


Басып чыгаруу