фото из интернета

ДКжМБД: " COVID-19га каршы эмделген адамдар өздөрүн канааттандырарлык сезип, эч кандай даттануулар жок"

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти эмдөөнүн биринчи этабы башталгандан тарта «SinoPharm» вакцинасы менен эмделгенден кийинки жагымсыз реакцияларга активдүү мониторинг жүргүзүшүүдө. Эмдөөдөн өткөн жарандардын бардыгы ДКжМБДнын фармкөзөмөл адистерине да жеткиликтүү болгон бирдиктүү электрондук маалыматтар базасына киргизилет. Жалпы абалы жана жагымсыз кыйыр таасирлери тууралуу билдирүүлөр эмдөөдөн өткөн адамдын өзүнөн түзмө-түз телефон аркылуу алынат. Бүгүнкү күнгө карата эмдөөдөн өткөн 644 адамдын 311 сурамжылоодон өттү.

COVID-19га каршы эмделген адамдар өздөрүн канааттандырарлык сезип, эч кандай даттануулар катталган жок. Мониторинг көрсөткөндөй, эмделгендер төмөнкү жагымсыз реакциялар байкалганын билдиришкен: алсыздык (9%), баш оору (5%), инъекциялар жасалган жердин ооруксунушу (13,8%) дене таптын бир аз көтөрүлүшү (5,14%), баш айлануу (4,8%), жүрөк айлануу (2.2) %), тынчсыздануу (0.96%), коркуу (1,29%). Бирок, бардык белгилер алгачкы 1-2 күндүн ичинде байкалганын белгилей кетүү керек.

Терс таасирлерге байкоо жүргүзүүнүн негизги максаты – дарылоо терапиясынын пайда/тобокелчилигинин тең салмактуулугун тынымсыз изилдөө, олуттуу жана күтүлбөгөн жагымсыз терс реакцияларды өз убагында аныктоо жолу менен бейтаптын коопсуздугун камсыз кылуу болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти кайсы гана болбосун дары каражатынын терс реакциясы тууралуу билдирүүгө чакырат!

Дары каражатынын терс таасири тууралуу билдирүү үчүн төмөнкү байланыш кызматтарын колдонуңуз:

  • Департаменттин ыкчам байланыш номуру - 0800 800 26 26;
  • www.pharm.kg сайтындагы электрондук картаны толтуруу;
  • MedSafety мобилдик тиркемесин колдонуу;
  • Электрондук почта дареги: Бұл электронды пошта мекен-жайы спам-боттардан қорғалған. Көру үшін сіздің браузеріңізде JavaScript қосулы тұруы тиіс.;
  • Факс: 21 05 08.

Басып чыгаруу