Previous Next

ДССУ баштапкы медкызматка 185 планшет тапшырды

6-апрелде, Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүн утурлай, жана өлкөдөгү баштапкы медициналык-санитардык жардам кызматынын деңгээлинде электрондук саламаттыкты сактоо тутумун өнүктүрүү, ошондой эле медициналык кызматкерлердин үзгүлтүксүз билим алуу процессин колдоо максатында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун  Кыргызстандагы кеңсеси Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине 185 русификацияланган планшеттарди тапшырды. Мындай белек баштапкы медициналык-санитардык жардам кызматынын адистерине күнүмдүк иш тажрыйбасында жеткиликтүү болгон электрондук тиркемелерди жана маалымат китепчелерин колдонууга мүмкүндүк берет.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Бакыт Джангазиев көрсөтүлүп жаткан колдоо үчүн ДССУга ыраазычылык билдирди. "Бул санариптик саламаттык сактоого өз убагында көрсөтүлгөн колдоо жана бул гаджеттер санариптештирүү процессин тездетүүгө өз салымын кошот", - деди Бакыт Джангзиев.

Бул техникалык жардам 2018-жылдан баштап саламаттыкты сактоонун кадрдык жана ресурстук мүмкүнчүлүгүн чыңдоого багытталган "Ден соолук үчүн иштөө" программасынын алкагында  тапшырылды. Бул колдоо өлкөнүн саламаттык сактоо тутумун чыңдоо аркылуу Саламаттык сактоо кызматтары менен тегиз камсыз кылуу жана Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү багытында өлкөнүн өнүгүшүн тездетүүгө максатталган.


Басып чыгаруу