ministr1

 
Чолпонбаев Космосбек Сариевич 
 
    Министр  

     62-26-80

 Туулган жери: Кыргыз  Республикасы, Ысык-Көл обл., Ак-Суу р-ну, Ичке-Жергез а.             
Туулган датасы: 1963-жыл 29-январь. Үй-бүлөлүк абалы: үйлөнгөн, эки баласы бар.

Билими:  Алма-Ата мамлекеттик медициналык институтунун фармацевтика факультетин мыкты деген баага бүтүргөн (1980-1985-жж.), адистиги - фармация.

Экинчи жогорку билими - юрист (2011-жылы  КМЮА)

Илимий даражасы жана наамы:           фармацевтика илимдеринин доктору, профессор.Тил билүүсү: кыргыз жана орус тилдерин - эркин, англис тилин – орточо деңгээлде билет.

Компьютерди билүүсү: Microsoft office: Word, Exsel, Power Point

Басылмалары: 4 монографиясы, 107 илимий эмгеги, 5 окуу китеби жана 26 методикалык сунуштары бар.

Эмгек жана илимий-педагогикалык ишмерлигинин негизги этаптары:

1985-1987-жж..  Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунда Фармацевтикалык химия жана дары формаларынын технологиялары кафедрасынын ассистенти;

1987-1990-жж..  И.М. Сеченов ат. Москва медициналык академиясынын органикалык химия кафедрасынын аспиранты;

1990-1992-жж.. Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунда Фармацевтикалык химия жана дары формаларынын технологиялары кафедрасынын улук окутуучусу;

1992-1994-жж..  «Кыргызфарминдустрия» Мамконцернинин Стандартташтыруу жана дары каражаттарынын сапатын контролдоо илимий-өндүрүштүк борборунун  директору;

1994-1997-жж.. «Кыргызфармимпэкс» илимий-өндүрүштүк фирмасынын генералдык директору;

1997-ж.         КР Саламаттык сактоо министрлигинин Дары каражаттары жана медициналык техника боюнча башкармалыгынын начальниги;

1997-2002-жж.. Дары менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин директорунун орун басары - КР Саламаттык сактоо министрлигинин Дары каражаттарынын жана медициналык техникалардын сапатын контролдоо башкармалыгынын начальниги; 

2002 –2010-жж.. И.К. Ахунбаев ат. Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун профессор Матыев Э.С. ат. Фармацияны, дары каражаттарынын технологияларын башкаруу жана экономика кафедрасынын башчысы;  И.К. Ахунбаев ат. Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун окутуу-тарбиялоо иштери жана мамлекеттик тил боюнча проректору;

2010-2018 жж.  И.К. Ахунбаев ат. Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун профессор Матыев Э.С. ат. Фармацияны, дары каражаттарынын технологияларын башкаруу жана экономика кафедрасынын башчысы.

 Коомдук иштери: КР Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук байкоочу кеңешинин төрагасы болгон.

 

 

 

Жарандарды кабыл алуу: шаршемби күндөрү саат: 17.00дөн 18.00гө чейин.


 

    

 

 

1499680093 

 

Шадыханов Калысбек Токтосунович

 

 Статс-катчы

 

 

Жарандарды кабыл алуу: Шейшемби, Бейшемби, 16.00дөн  18.00 го чейин.

 

 

КАРАТАЕВ МАДАМИН    МУСАЕВИЧ

 Министрдин орун басары


62-65-22

 

 Туулган  күнү, айы жана жылы:  1962-жылдын 12-августу

Туулган жери:  Ош облусу, Араван району, Жаңы-Абад айылы

Улуту:   кыргыз 
Билими:  Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун дарылоо факультети (1986), Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети (2016-ж). 
Адистиги:  Дарылоо иши, экономист

Окумуштуулук даражасы,  окумуштуулук наамы: Медицина илимдеринин доктору,  профессор

Мамлекеттик сыйлыктары:  Кыргызстан ЛКЖС БК Ардак грамотасы (1983, 1986-ж.ж.), «Кыргыз Республикасынын илиминин эмгек сиңирген ишмер» наамы (2009).  Атайын чиндери: Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси (2007-ж.). 

Ишмердүүлүгүндөгү негизги баскычтары

Сентябрь 1986 – август 1988 – СССР Саламаттык сактоо министрлигинин врачтардын билимин өркүндөтүү боюнча Украина институтунун  саламаттык сактоо уюмдары жана социалдык гигиена кафедрасынын клиникалык ординатору, Харьков шаары. 

Сентябрь 1988 – 1993 – Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун саламаттык сактоо уюмдары жана социалдык гигиена кафедрасынын ассистенти. 

1993- март 1994 – Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин экономика жана финансы башкармалыгынын жететктөөчү адиси. 

1994 – август 1995 – Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин “Манас” саламаттык сактоо мекемелерин реформалоо долбоорун даярдоо боюнча Улуттук команданын жетектөөчү эксперти болуп конкурстан өткөн. 

1995 -1997  - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Саламаттык сактоо тармагын реформалоону координациялоо жана жайылтуу башкы башкармалыгынын “Дарылоо-профилактикалык мекемелерди каржылоо системасын өзгөртүү” компонентинин координатору. 

1997 – 2000 - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Саламаттык сактоо тармагын реформалоону координациялоо жана жайылтуу башкы башкармалыгынын начальнигинин биринчи орун басары.

2000 – 2004 – Кыргыз мамлекеттик кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу медициналык институтунун окуу жана илимий иштери боюнча проректору .

2005-2010 - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары.

2000-2010 - Кыргыз мамлекеттик кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу медициналык институтунун Саламаттык сактоону башкаруу жана экономика кафедрасынын башчысы. 

2010 – жылдан азыркы убакытка чейин – Кыргыз мамлекеттик кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу медициналык институтунун Саламаттык сактоону башкаруу жана экономика кафедрасынын профессору.

Медициналык илимдердин доктору, профессор, 175 илимий эмгектин автору, анын ичинен 20 монографиялары жана 25тен ашык усулдук сунуштары бар.Саламаттык сактоо экономикасы (Москва, Россия), Түштүк-Казакстан медициналык академиясынын Жарчысы (Шымкент, Казахстан),  ХХI кылымдын медициналык кадрлары (Бишкек, Кыргызстан) журналдарынын редакциялык коллегиясынын, “Профилактикалык медицина” БӨУга караштуу Диссертациялык кеңештин мүчөсү, Кыргызстан Эл аралык универститетинин жана Кыргыз-Россия Славян Университетинин  УНПКсынын мүчөсү.

Жарандарды кабыл алуу: күн сайын (дүйшөмбүдөн сырткары) 16.00 дөн 18.00гө чейин.

 

e checheybaev

Чечейбаев Эркин Маратович

 Министрдин орун басары

 

 66-24-14

 

Жарандарды кабыл алуу: күн сайын (дүйшөмбүдөн сырткары) 16.00 дөн 18.00гө чейин.