МЕРСИКО КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА

mckr

“Мерсико” (Mercy Corps) уюму жөнүндө:

Мерсико мындан да жакшы дүйнөнү түзүүгө болот деген терен ишеними бар дүйнөлүк алдынкы уюм. Биз кырсыктар жана чыгашалар шартында дүйнөнүн 40тан ашык өлкөсүндө адамдарга кыйынчылыктарды жеңүүгө жана күчтүүрөөк жамааттарды түзүүгө жардам берүү менен, тобокелчиликтүү чечимдерди иш жүзүнө ашыруу үчүн биргелешип иш алып барабыз. Келечекте да улантабыз.

Кыргызстандагы Мерсико уюмунун негизги максаты – граждандык коомдун принциптеринин негизинде каржылык жактан туруктуу, дени сак жамааттарды куруу боюнча мекемелер жана жамааттардын биргелешип иштөөсүн жакшыртуу үчүн алардын бекемделишине шарт түзүп берүү. Мерсико көз карандысыздыкка жеткен Кыргызстанда 1994-жылы өз ишмердүлүгүн баштаган эл аралык бейөкмөт уюмдардын алгачкыларынын бири болгон.  Бүгүн биздин программалар өлкөнүн жети областындагы бардык ири шаар, айыл жамааттарындагы 500 миңден ашык адамды камтыйт. Мерсиконун Кыргызстандагы  иштеп жаткан жана ишке ашкан программалары азык-түлүк коопсуздугуна жана тамактанууга, сабаттуулукка,   жаштарга жана туруктуулукка, айыл чарбанын жана экономиканын өнүгүшүнө, дүйнөнүн курулушуна, ж.о.э. өзгөчө кырдаалга чара көрүүгө багытталган.

Мерсиконун Кыргызстандагы башкы программасы – бул АКШнын Айыл чарба министрлигинин колдоосу менен бүтүндөй өлкөнүн масштабында  иштеп жаткан  “Азык түлүк билим үчүн” (FFE) программасы. Ал балдардын үйдөгү жана мектептеги тамактануусун, мектеп инфраструктурасын жана мектептердеги тамактануунун туруктуу программасына жетишүүгө багытталган саясатты  жакшыртуу менен билим берүү чөйрөсүн жакшыртууга багытталган. Аталган программанын жыйынтыгында Кыргызстандагы 1,8 млн. Бала жардам алышкан. 2012-жылдан бери Мерсико өлкө боюнча мектеп жана мектепке чейинки мекемелердеги балдарды  55 миллион  түшкү ысык тамак менен камсыз кылуу үчүн 1 717 метрикалык тонна кошумча азык-түлүк (байытылган ун, күрүч, буурчак жана өсүмдүк майы) менен камсыздады.

2017-жылдын февраль айында программаны каржылоо 18 айга узартылды. Т.а. бул программа 20180жылдын июнь айына чейин иштейт. Бала бакчалар, башталгыч мектептер Мак Говерн-Доулдун Программасынын азык-түлүк жардамысыз, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органынын каражатын жана ата-энелердин кошкон салымын колдонуп ар түрдүү тамактанууну уюштура алышат. Аталган программаны улантуу Программанын корутунду  жылында мурда программага кирген 70 башталгыч мектепке жана мурда өзүнүн азык-түлүк программасына жардам албаган 80 башталгыч мектепке жана 80 бала бакчага жардам берүү мүмкүнчүлүгүн түзөт.

“Азык-түлүк билим үчүн” (FFE) программасынын алкагында аткарылган иштер

Мектептеги тамактанууну уюштуруу: 2017-2018-жж. аралыгында 34800 баланы ысык тамак менен камсыз кылуу үчүн 230 билим берүү мекемелерине кошумча  азык-түлүк берүү.

Мектептерге, жергиликтүү өзүн өзү башкарууга жана ата-энелерге мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү: башталгыч мектептердеги ысык тамак программаларын башкаруу боюнча, бала бакчаларда тамактанууну уюштурууну жакшыртуу боюнча тренингдерди өткөрүү, ашпозчулар жана тамак аш программасына тартылган негизги адамдар үчүн практикалык сунуштар,  кесиптик-техникалык мекемелердин базасында балдар тамак ашын даярдоо ыкмаларын, технологияларын терендетип үйрөтүү,  ата-энелер үчүн үйдөн тамактануу практикасын жакшыртуу боюнча тренингдер.

Сабаттуулукту  жогорулатууну колдоо: балдар арасында китеп окуу жөндөмдүүлүгүн арттыруу максатында мектептерге кошумча окуу китептерин берүү, балдардын билимдүүлүгүн жогорулатуу максатында жайкы лагерлерди уюштуруу.

Билим берүү, окутуу жайларын жакшыртуу: окуучуларга ысык тамак берүү мүмкүнчүлүгү болушу үчүн  башталгыч мектептердеги тамактануу жайларын ондоо, мектептердин жана бала бакчалардын инфраструктурасын оңдоп түздөөгө жардам берүү, мисалы, терезелерди алмаштыруу, дааратканаларды жана жылуулук системаларын  оңдоо.

Ченемдик базаны жана жалпы саясатты жакшыртууга жардам берүү: мектеп директорлорунун, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн, райондук санитардык-эпидемиологиялык кызматынын жетекчилеринин катышуусундагы мектептеги тамактануу программасына байланышкан талкууга жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарын тартуу.

Мерсиконун “Мектепке караштуу жемиш бак” долбоору LDSтин колдоосу менен  FFE программасын толуктайт жана балдардын тамактануусун, бейкуттугун жана тамак аш коопсуздугун камсыздоо максатында, ж.о.э түшүмдун ашыкчасын сатып, түшкөн кирешеге башталгыч класстын окуучуларын ысык тамак менен камтуу үчүн FFE12 программасына кирген 40 мектепте мурунтан бар бакчаларды өнүктүрүүгө, бакчасы жок мектептерге бакча куруп берүүгө багытталган. Долбоордун алкагындагы ишмердүүлүк өзүнө ар бир мектепте демилгелүү топторду түзүүнү, мектептердин жетекчилиги, ата-энелер, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары жана жамааттын мүчөлөрү үчүн багбанчылык боюнча комплекстүү тренингдери өткөрүү,  көргөзмө бакчаларын кыдырууну уюштуруу, мөмө-жемиш бактарынын көчөттөрү, багбанчылык аспаптары жана керектүү шаймандар менен камсыз кылуу, ошондой эле тосмолорун курууга/ондоп-түздөөгө, багып өстүрүү системаларын жакшыртууга, мектеп жетекчилигинин бизнес жана маркетингдик шыкты өнүктүрүүгө, камкорчулук кеңештеринин ишин күчөтүүгө гранттарды берүүнү камтыйт.


Басып чыгаруу