GIZ  Кыргызстанда

ELdZ bil KGGIZ EN colour rgbӨнүгүүгө натыйжалуу көмөк көрсөтүү

Кыргызстан Германиянын өнүгүү жаатында өнөктөш мамлекети болуп саналат. Deutsche Gesellschaft für Internationale Zusammenarbeit (GIZ) GmbH (Германия эл аралык кызматташуу коому) 1990-жылдардын башынан тарта Германиянын экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү федералдык министрлигинин (BMZ) тапшырмасы менен долбоорлорду ишке ашырып келет.

1992-жылдан бери Бишкекте GIZтин өкүлчүлүгү орун алып, ал ушул өлкөдөгү уюмдун ишмердүүлүгүн координациялайт жана Борбордук Азиядагы уюмдардын көптөгөн аймактык долбоорлору учун жоопкерчилик тартат. Бишкектен тышкары, GIZ Ош жана Жалал-Абад шаарларда иштейт.

 

 Азыркы учурда Кыргызстанда GIZтин ар кыл долбоорлорунда 177 кызматкерлер иштешет, алардын 29у чет өлкөлүк адистер.

Артыкчылыктар жана иш-чаралар

Кыргыз-Герман кызматташтыгынын координатору Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги болуп саналат. Туруктуу кызматташуулар «Туруктуу экономикалык өнүктүрүү» жана «Саламаттыкты сактоо» артыкчылыктуу багыттарына ылайык жүргүзөт жана Кыргызстан тараптан болгон өтүнүч боюнча бул алкактан да чыга алат. Кыргызстандагы GIZ туралуу толук маалыматты https://www.giz.de/en/worldwide/356.html сайтынан англис тилинде жана http://www.donors.kg/ru/agentstva/13-giz#.XeEIDOgzaUk орус тилинде табууга болот.

Саламаттыкты сактоо тармагында BMZтин тапшырмасы менен Кыргыз-Герман кызматташуу Кыргызстандын беш регионундагы кош бойлуу аялдар менен ымыркай балдар үчүн көрсөтүлүүчү жардамдын комплекстүү сапатынын жогорулашына көмөк көрсөтүү жакшыртууга багытталган. Долбоор туралуу толук маалыматты https://www.giz.de/en/worldwide/14399.html жана https://giz-health.kg/ сайттардан табууга болот.

 


Басып чыгаруу