Суицид – бул өз өмүрүн мезгилсиз кыйган адамдын жеке трагедиясы гана болбостон, анын жакындары жана туугандары үчүн да оор жоготуу. 

Балдар жана өспүрүмдөр арасындагы суицид өзгөчө чочулоону жаратат. 

 Көпчүлүк учурда балдардын жана өспүрүмдөрдүн арасындагы суициддердин негизги себептери үй-бүлөдөгү же курбалдаштарынын ортосундагы чыр-чатактар, ата-энеси тарабынан түшүнбөстүк жана катаал мамиле, жоопсуз калган сүйүү, жалгыздык, өзүнүн көйгөйүнө башкалардын көңүлүн бургусу келүү болуп эсептелет.  

 Негизги кооптуу белгилер

  • маанайдын жок болушу, кайгыруу, үмүтсүздүк, айла түгөнүү
  • жан дүйнөнүн жапа чегиши жана ичинен тап болуу
  • кыжырлануу жана агрессивдүү жүрүм-турум
  • өзүн-өзү ашыкча сындоо жана дайыма өзүн күнөөкөр сезүү
  • өзүнүн сырткы кебетесине жактырбаган мамиле кылуу
  • өлгүсү келип жаткандыгы тууралуу сөздөр, кыскача кат жазуулар, ырайымсыздыкты чагылдырган сүрөттөр
  • алкоголь ичимдиктерин жана баңгизат колдонуу

Өспүрүмдөргө кунт коюп көңүл бургула

Өспүрүмдүн айткандарын угуңуз, аны эмне тынчсыздандырып жаткандыгын сураңыз. Чын дилиңизден болгон кызыгууңузду жана анын көйгөйлөрүн түшүнүп жаткандыгыңызды билдириңиз. Өспүрүмдүн ниетинин жана сезимдерин олуттуулугун, эмоционалдык абалынын тереңдигин баалаңыз. Өспүрүм жалгыз эместигин сезиши үчүн сиз аны жакшы көрөөрүңүздү жана анын сиз үчүн кымбат экендигин билдириңиз. Өспүрүм эмнелерди окуп, кандай берүүлөрдү көрүп жана кайсы сайттарга кирип жаткандыгына көңүл буруңуз. Суицид бул оор кырдаалдан чыгуунун жолу эместигин, бардык көйгөйлөрдү чечүүгө боло тургандыгын түшүндүрүңүз жана өзүңүздүн жардамыңызды сунуштаңыз. Эгерде өспүрүм пикир алышууну каалабай жатса, психологго же психотерапевтке жардам сурап кайрылыңыз.

Өмүрдү баалоо жана ага олуттуу мамиле кылуу зарыл. 


Басып чыгаруу