Аллергия — бул иммундук системанын заттардын таасирине карата, күтүүсүз болгон жооп аракети тарабынан келип чыккан өнөкөт оору, ал адатта ооруларга алып келбейт жана адамга зыян келтирбейт.

Аллергиялык реакциялар:

Теридеги бүдүрлөр, кычышуу, шишик

Чүчкүрүү (адатта катуу жана улам-улам), мурундун бүтүшү, мурундун былжыр челинин сезгениши

Көздөн жаш агуу, көздүн кызарышы, көз кабактарынын кычышуусу

Дем кыстыгуу, дем алуунун кыйындашы

Жөтөл

24977.jpg

Көбүрөөк коркунучтуу түрү -Анафилактикалык шок (артериялык кан басымдын төмөндөшү, кан тамырдын алсыз кагышы, көл-шал болуп тердөө жана теринин кубаруусу, баш мээнин жана өпкөнүн шишип кетиши өлүмгө алып келүүсү мүмкүн).

Аллергиянын курчушуна алып келүүчү факторлор

  • боёктордун, бензиндин буулары
    • аэрозолдук дезодоранттар
    • тамеки түтүнү
    • эмоционалдык стресс
    • аба ырайынын өзгөрүшү
    • курч вирустук инфекциялар
    • физикалык оордук

Prichiny-i-simptomy-allergii_2-700x761.jpg

Аллергиянын алдын алуу:

-Бөлмөнүн ичин нымдуу чүпүрөк менен тазалап,  маал-маалы менен желдетип тургула

 -Тазалоо жеңил болушу үчүн синтетика материалдарынан жасалган жаздык жана жууркандарды колдонгула

-Шейшептерди жумасына бир жолу 60°Сдан төмөн эмес температурадагы сууга жуугула жана ысык үтүк менен үтүктөгүлө.

-Жумшак оюнчуктарды, жууркан жана жаздыктарды үзгүлтүксүз жууп тургула же төмөнкү температурада химиялык жол менен тазалоого бергиле

 -Абаны нымдоочу жана тазалоочу каражаттарды пайдалангыла

-Үйгө эски буюмдарды, китептерди, газеталарды топтобогула

- Уктоочу бөлмөдөн оор парда, килем жана жумшак оюнчуктарды алып салгыла

-Бөлмөдө көк даттын пайда болушуна жол бербегиле

-Мүмкүн болгон аллергендер (үй жаныбарлары, гүлдөр, аквариумдар, тордун ичиндеги канаттуулар) менен байланышпагыла

-Аллергияны дарылоодогу эң башкы эреже аллергенндер менен байланышта болуудан качуу.


Басып чыгаруу