Тамеки чегүү ден-соолугубузга зыяндуу экени жашыруун эмес, анткени биз дем алган тамеки түтүнү өтө татаал жана ар түрдүү - 4000 миңге жакын ар кандай химиялык кошулмаларга бай. Алардын 40ка жакыны канцерогендер деп эсептелет.

Бирок тамекинин курамындагы кайсы зат аны ушунчалык зыяндуу кылат?

Америкалык окумуштуулар өпкөнүн рагын пайда кылуучу негизги элемент тамекинин түтүнүндөгү "суутек кычкылы" (пероксид) экендигин аныкташкан.

Лабораториялык шарттарда өпкө кыртышынын үлгүлөрү тамеки түтүнө, суутек кычкылы жана химиялык жактан активдүү эмес кошулмалардын таасирине дуушар болгон. Окумуштуулардын шек саноолору тастыкталган: пероксид жана тамеки тирүү ткандарга бирдей зыян келтирген.


Басып чыгаруу