Previous Next

Тамактануу ден соолук үчүн пайдалуу болууга тийиш!

Заманбап адамдын рационунда туз, кант, трансмайларды (кетчуп, курут, ышталган азыктар, фастфуд, майонез кошулган салаттар, таттүү газдалган жана газдалбаган суусундуктар, куурулган, майлуу тамактар жана башкалар) камтыган азыктар бар.

Ар бир адам туз, кант, трансмайларды пайдалануунун чегин билиши керек.

Тузду пайдалануунун суткалык орточо нормасы - 1 чай кашыктан (5 гр.) көп эмес

 

Тузду ашыкча пайдалануу кан басымдын жогорулашына, инфаркт, инсульт, бөйрек, муун ооруларынын өөрчүшүнө алып келиши мүмкүн. Туз сөөктөрдөгү кальцийди жууп кетет, ошондуктан сөөк морт болуп калат жана сынып кетүү коркунучу жогорулайт.

КЕНЕШ!

  • Бышкан тамакка кайнап бүткөндөн кийин туз салгыла.
  • Даяр тамакка туз салбагыла, туз салгычты дасторкондон алып койгула.
  • Тузду жыттуу, даамдуу татымалдар, ашкөк чөптөрү менен алмаштырууга болот.

Кантты пайдалануунун суткалык орточо нормасы - 10 чай кашыктан көп эмес

 

Таттуу газдалган жана газдалбаган суусундуктарда, таттуу азыктарда кант абдан көп камтылган. Таттууларды жана суусундуктарды абдан көп өлчөмдө пайдалануу кандагы канттын деңгээлин көбөйтөт жана кант диабетинин өрчүшүнө алып келиши мүмкүн. Канттын ашыкча болушу зат алмашуунун бузулушуна жана толуп кетүүгө түрткү болот.

КЕНЕШ!

  • Жашылча менен жемиштерди көбүрөөк пайдалангыла, аларда табигый кант камтылган.
  • Кантты балга, кургатылган жемиштерге алмаштырууга аракеттенгиле.
  • Чай жана кофеге канттын ордуна сүт кошуп ичкиле.
  • Чөп чай, жемиштерден даярдалган морс жана компоттор пайдалуу.

 

Трансмайлардын бир суткалык орточо нормасы - 1-2 гр.

 

Нан азыктарын жана башка кондитердик азыктарды даярдоо учурунда өсүмдүк майларынан технологиялык кайра иштетүү процессинде жасалма жол менен алынган катуу майлар - трансмайлар колдонулат. Трансмайлар ар кандай оорулар: атеросклероз, жүрөк, боор ооруларын жана ооруларды пайда кылуу менен адамдын организминде топтолуу жөндөмүнө ээ.

Фастфуд, фри картошкасы, чипсы, попкорн, майонез, эт жана балык чала фабрикаттарында көп өлчөмдөгү трансмайлар жана даам күчөткүчтөр камтылган.

КЕНЕШ!

  • Трансмайларды камтыган азыктарды пайдаланууну чектегиле.
  • Нан азыктарын даярдаган учурда маргариндин ордуна каймак

май, сметана колдонгула.

Салаттарга өсүмдүк майын кошкула


Басып чыгаруу