Гипертония оорусу - кан басымдын 140/90 мм сым. мам. узакка жана туруктуу жогорулашынан улам пайда болуучу жүрөк-кан тамыр системасынын өнөкөт оорусу.

Көп учурда гипертония оорусу 55 жаштан жогорку курактагы адамдарда пайда болот, ал эми акыркы кездерде бул оору андан даты жаш курактарда кездешүүдө.

Гипертония оорусунун өөрчүүсүнө төмөндөгү тобокелчилик факторлору көмөктөшөт:

- жүрөк ооруларына қарата тукум куучулук жакындык

- ашыкча салмак

- майлуу жана туздуу азыктар менен тамактануу

- чылым чегуу жана алкоголь ичимдигин ашыкча ичуу

- стресске кабылуу

- аз кыймылдоо

Оору баштапкы баскычында баш оору, баштын айлануусу, кулактын дүңгүрөшү, көздүн алдында "чымындардын" элес-булас көрүнүшү, көздүн көрүүсүнүн бузулушу, журөк туштагы ооруксунуу түрүндө пайда болот.

Көп учурда адамдар алардын кан басымы жогору экендигин билишпейт, анткени ал эч кандай белги бербейт. Көпчүлүк адамдар дарыгерге башка оорулар боюнча кайрылган учурда гана оору тууралуу билип калышат.

Өзүн жакшы сезген учурларда дагы артериялық кан басымды үзгүлтүксүз ченеп туруу зарыл. Кан басымды ченөө үчүн жабдуу (тонометр) ар бир үй-бүлөдө болууга тийиш. Артериялык кан басымды ҮДБ/ФАПтан өлчөөгө болот.

Эгерде "гипертониялык оору" аныктамасы коюлган болсо, дарыгердин сунуштарын аткарып жана дары каражаттарды өмүр бою ичип жүрүү керек.

Дары каражаттарын ичүүнү өз алдынча токтотуу жана алардын өлчөмүн өзгөртүү оорунун курчушуна алып келе тургандыгын билүү маанилүү.

 

Сергек жашоо мүнөзү жана туура тамактануу дени сак жүрүүгө жардам берет:

- Артериялык кан басымыңарга көзөмөл кылып тургула. Нормада болгон АКБ 140/90 мм сым. мам. жогору болбошу керек.

-  Ашыкча килограммдардан арылып, өзүңөрдүн салмагыңарга көз салгыла.

- Тузду колдонууну күнүнө 5 г чейин чектегиле. Тамакты тузу кем кылып жасагыла.

- Майлуу тамакты жегенди азайткыла.

- Жашылча - жемиштерди көбүрөөк, суткасына 400 г кем эмес өлчөмдө жегиле.

- Чылым чегүүдөн жана алкоголь ичимдигин ашыкча ичүүдөн баш тарткыла.

- Жайдары, сабырдуу болгула, стресстик кырдаалдардан качууга аракеттенгиле.

-  Күн сайын 30-40 мүнөттөн кем эмес физикалыкактивдүүлүк менен алектенгиле.


Басып чыгаруу