Аз кыймылдуулук жүрөк-кан тамыр системасынын ишине тескери таасир этет:

  • жүрөк жыйрылуусунун күчү бошоңдойт,
  • кан тамырлардын тонусу кыскарып, эмгекке болгон жөндөм төмөндөйт.

Мындай шартта, жүрөк кара күчтү талап кылган көнүгүүлөрдү баштагысындай аткара албай калат жана жүрөк-кан тамырлары серпилгичтүүлүгүн жоготот. Аз кыймылдуулуктун кесепети болуп май басуу жана атеросклероз саналат, Бул факторлордун бардыгы:

  • артериалдык гипертония,
  • инфаркт,
  • инсульт ооруларын пайда кылып,
  • өмүрдүн кыскарышына алып келет.

Такай жасалуучу жана кара күчтү талап кылуучу көнүгүүлөр:

  • Жүрөк булчуңдарындагы кан айланууну жакшыртат;
  • артериалдык кан басымын жөнгө салат;
  • Майлардын тери алдындагы эн клетчатка же кан тамырларда чогулуусуна тоскоолдук кылат;
  • Стресс жана кыжырдануулардан арылтат.

Дене көнүгүүлөрүн таза абада жумасына 3 жолу 30 мүнөттөн жасоо сунушталат.

Кара күчтү талап кылуучу көнүгүүлөргө сууда сүзүү, тез басуу, велосипед тебүү, бийлөө, ошондой эле велотренажердо жана "чуркоочу жолдо" машыгуулар кирет.


Басып чыгаруу