Адамдын организминде ичкен-жеген тамак - аштан ар кандай химиялык кошулмаларга ажырап, пайдалуу жана ууландыруучу түрдүү уу заттар пайда болот. Пайдалуу заттар (арасында аминокислоталар, углеводтор, витаминдер, темир заттар, жана башка микроэлементтер) ткань менен органдарда сиңет.

Ууландыруучу түрдүү уу заттардын ичине белоктордун алмашуусунан пайда болгон аммиак, креатин жана башкалар кирет. Айрым учурда тамак-аш менен организмге керексиз уу заттар кириши да ыктымал. Ошондуктан организм бул уу заттардын баарын тынымсыз бөлүп чыгарып турушу керек.

Кан тазалоо (фильтр катары) функциясын адамдын организмде боор менен бөйрөк органдар аткарат. Боор органы көбунчө майлуу заттарды тазаласа, бөйрөк калган баардыгын (ашыкча ичилген сусумдуктарды, желген эт, май, чучуктарды, ичилген арак- шараптарды, тартылган чылым жана насвай уу заттарды, ашыкча чогулуп калган калий, фосфор жана башка микроэлементерди) заара аркылуу сийдик менен бөлүп чыгарат.

Кыскача айтканда, бөйрөктөрубуз ички чөйрөнүн, кандын суюктугунун бир калыптагы абалын сактайт. Себеби организмдеги эң татаал химиялык процесстер ушул
суюктуктардын составына кирген заттардын туура айкалышынын негизинде гана жүрөт.

Бөйрөк жалаң гана сийдик пайда кылбастан ал ренин, депрессин жана эритропоэтин гормондорун канга бөлүп чыгарат. Ренин жана депрессин гормондор организмдеги кан басымын иретке келтирип турат. Эритропоэтин гормон кандын кызыл формалуу элементтерин (эритроциттерди) пайда кылуучуга таасир этет. Эритропоэтин гемоглобиндин бийиктигине зарыл.

- Эмне болгондо же эмне себептен улам бөйрөк ооруйт?

Заара бөлүп чыгаруучу системанын оорулары тубаса, анын ичинде тукум куума жана кийин пайда болушу мүмкүн. Кээ бир өөрчүү кемтигинде, мисалы, эки бөйрөктүн тең жок болушунда жашоо мүмкүн эмес, айрым кемтиктер бул системанын функциясынын бузулушу менен коштолот.

Тез-тез заара кылуу, ооруу, зааранын агышынын өзгөрүшү, токтобой калышы, табарсыктын, заара агуучу түтүктүн, простата безинин, ошондой эле жанаша органдар — көтөн чучук, жатындын түрдүү оорулары менен байланыштуу болот.

Заара жолунун катуу кармоосу жана өнөкөт сезгенүүсү, көбүнчө сыз өтүү – дарыгерге өз убагында кайрылбай өзүн-өзү дарылоодо, ошондой эле трихомоноздо, өздүк жана жыныс гигиена эрежелерин бузганда болот.

- Бөйрөк ооруганын кантип билсе болот, оорунун симптому кандай болот?

Бөйрөктүн жетилбей калышында артерия басымы жогорулап, ак шишик басат, ошондой эле зат алмашуу бузулат. Андан тышкары, эгерде бөйрөктөр ооруса:

-эки көздүн астында; мүшөкчө; пайда болуп калат;
-бир суткадагы зааранын өлчөмү азаят;
-ооруган адам дааратканага тез-тез барат, көбүнчө түнкү убакытта;
-кээ бир убакта аз-аздан гана заара бөлүнүп чыгат;
-кээде заара ушатуу, ачышуу менен коштолот;

-заара тунук болбой, киргилт болуп чыгат;
-көздүн көрүүсү начарлай баштайт.
Мындай учурларда тезинен дарыгерге көрүнүү зарыл.

- Бөйрөк оорубаш үчүн кандай профилактика кылса болот?

Бөйрөк ооруларын дарылоо жана алдын алуу маанилүү маселелердин бири болуп эсептелет.

-Физикалык актвидүүлүк
-кандагы канттын өлчөмүн текшерип туруу зарыл
-артериалдык кан басымды көзөмөлдөо сунушталат
-туура тамактануу жана тамак-аш коопсуздугуна көңүл буруу кажет
- организмдеги суунун балансын сактоо керек.

Ошондой эле, организмди чыңдоо, санитария-гигиеналык эрежелерди так сактоо, катуу кармама сасык тумоо, тонзиллит, гайморит жана башка инфекцияны өз убагында дарылоо бөйрөк ооруларын алдын алууда маанилүү.


Басып чыгаруу