Миокарддын инфаркты — жүрөктүн айрым бөлүгүнө кандын аз келишинен же келбей калышынан жүрөк булчуңунда өлүү ткандардын (некроз) пайда болушу. М. и. көбүнчө жүрөктүн таажы сымал артериясы атеросклероздон жабыркаганда болот; атеросклероз процессине көп учурда кан тамырдын бүктөлүп калышы (тромбоз) кошумча болот. Кычкылтектин жетишсиздигинен жүрөк булчуңдарынын бир бөлүгү өлө баштайт жана бул жүрөктүн тушун оорутуп, иштешине тоскоолдук жаратат.

Миокарддын инфарктына алып келген факторлор

Атеросклероз. Бул липид (май) заттарынын алмашуусунун бузулушу, мында кан тамырлардын ички беттеринде атеросклероз бляшкалары (уюп катып калуусу) пайда болот, бул миокарддын инфарктынын пайда болушунун негизги коркунучтуу фактору.

Чылым чегүү. Бул жаман адат денебиздин көптөгөн органдарынын жана системаларынын иштешин начарлатат. Өнөкөт никотиндик ууланууда жүрөк-кан тамырлары ичкерип, миокардда кычкылтек жетишсиздиги башталат. Кеп, активдүү тамеки чегүү гана эмес, пассивдүү чегүү жөнүндө дагы болуп жатат.

Канда холестериндин көлөмү жогорулаганы (1 литр канда 5 ммольдон жогору же 1 децилитрде 200 мг жогору болсо);

Жогорку кан басымы. Жогорку кан басымы оорусу менен жашаган адамдарда, жүрөк-кан тамыр ооруларына кабылуу тобокелчилиги жогорулайт, анткени кан басымынын жогорулашы миокарддын кычкылтекке болгон муктаждыгын жогорулатат. (бардык жаш курактагыларда кан басымы 140/90 мм жогору болсо).

Кант диабети. Кант диабети менен ооругандарда миокарддын инфарктына чалдыгуу коркунучу жогору, анткени кандагы глюкозанын деңгээлинин көтөрүлүшү кан тамыр капталдарына жана гемоглобинге терс таасирин тийгизип, анын (кычкылтек ташуу) транспорттук функциясын начарлатат.

Ашыкча салмак. Майлардын зат алмашуусу начарлоодо атеросклероздун, жогорку кан басымынын жана кант диабетинин пайда болуу тобокелчилиги жогорулайт.

Кыймыл аракеттин жетишсиздиги организмдеги зат алмашуусуна терс таасирин тийгизип, ашыкча салмактын себептеринин бири.

Жаш курак. 45-50 жаштан улууларда миокарддын инфаркты оорусу пайда болуу коркунучу жогорулайт.

Жыныс. Статистикага ылайык, аялдарда мындай курч мүнөздөгү абал эркектерге караганда 1,5-2 эсе көп кездешет, өзгөчө менопауза мезгилинде аялдарда миокард инфарктынын пайда болуу коркунучу жогору.

Тукум куучулук (жүрөктүн ишемия оорусу, инфаркт, мээ инсульту жакындарынын биринде: ата-энеси, чоң апасы, чоң атасы, агасы, эжеси, айрыкча алардын оорусу 55 жашка чейин башталган болсо);

Белгилери:

Көкүрөктүн ич жагынын катуу кысып/басып оорусу, ага так мүнөздөмө берүү кыйынга турат. Адам аны ачышууга, андан кийин сайууга, же кысып салууга окшоштурат;

Ооруксунуу сол колго, моюнга, белге, сол жаакка же далыга бергендей сезилет;

Нитроглицерин ичкенге деле оору басылбай 15 мүнөттөн ашык созулат;

Оору кескин түрдөгү алсыздык, теринин кубаруусу, муздак тер кетүүсү, коркуу сезими, жүрөктүн кагышынын жогорулашы, кан басымынын кескин өзгөрүшү (жогорулоо жана төмөндөө) менен коштолушу мүмкүн

Эгерде сизде ушул белгилер пайда болсо, тез жардам кызматын чакыруу керек!

Алдын алуу

Анын алдын алуу - бул жыл сайын медициналык кароодон өтүү жана жүрөк-кан тамыр оорулары, жогорку кан басымы, атеросклероз ж.б.у.с. өнөкөт ооруларды өз убагында талаптагыдай дарылоо.

🌀Кан басымын бир калыпта кармаңыз, ошондой эле аба ырайын байкаңыз - мисалы, ысык аба ырайы жана геомагниттик бороондор кан басымы жогору адамдар үчүн кооптуу.

Кандагы канттын көлөмүн нормалдаштырыңыз.

Көбүрөөк кыймылдаңыз! Күнүнө жок дегенде 5-6 чакырым таза абада жөө сейилдөө да болот.

🚭Чылымды таштоо өтө маанилүү - бул эң "агрессивдүү" тобокелдик факторлорунун бири.

Ашыкча салмакты азайтууга аракет кылыңыз. Нормада салмак кандай болуш керек? Келгиле, эсептеп көрөлү: килограммдап алган салмактын санын, бойдун метрлеп алгандагы санынын квадратына бөлүш керек. Алынган сан Дене салмак индекси деп аталат. Аны 26 дан ашырбаганга аракет кылыш керек. Тамактанууда малдын майы жана холестерин көлөмдөрү минималдуу өлчөмдө болушу керек. Жашылча-жемиштерди көбүрөөк колдонуп, майлуу этти - куштун ак этине, сары майды - күн карама майына, куйрукту - балыкка алмаштырыңыз. Мындай диета холестерин көлөмүн гана эмес, чыгымдарды да төмөндөтүшү мүмкүн.


Басып чыгаруу